Бүгүн, 3-август күнү кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө килем үстүнө чыкты.
Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 97 килограммда килемге чыккан кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле армениялык күчтүү делген Артур Алексанян менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңилип калган.
Армениялык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Үзүр Жусупбеков коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн жубатуучу беттешке катышып, анда финляндиялык балбанга жеңилип калды.
Муну менен кыргыз балбаны Олимпиададагы жүрүшүн токтотту.