Бүгүн, 6-август күнү кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында килемге чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле күчтүү делген индиялык Бажранг Пуния аттуу балбан менен кез келип, беттеште 3:3 эсебинде жеңилип калган. Индиялык балбан жарым финалда азербайжандык Гаджи Алиевге 12:5 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен Эрназар Акматалиев тилекке каршы, Олимпиададагы жүрүшүн токтотту.