Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Ошондой эле Олимпиадада коло байгеге ээ болгон Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом жана Тойтоа Рав 4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.