"Көтөрүлчү балам!". Айсулуу Тыныбекованы ата-энеси финалда кантип колдоп турду? (видео)

"Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Балбан кыз финалда жергиликтүү спортчу Юкако Каваи менен кез келип, тилекке каршы, 4:3 эсебинде жеңилип, бирок күмүш медалды өлкө капчыгына алып берди. Муну менен олимпиададагы үчүнчү медаль куржунубузда.

SUPER.KG порталы Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин түз эфирде ата-энеси жана бир туугандары менен чогуу Кочкор районунун Теңдик айылында көрдү. Финалдык беттеш учурунда ата-энесинин толкунданып турганы даана байкалды. Айсулуунун апасы Гүлпар Тыныбекова беттеш бүтөрүнө аз калганда чыдай албай ордунан туруп кетти.

Айсулуу Тыныбекованы ата-энеси финалда кантип колдоп турганын видеодон көрүңүз.

Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси финалда кызын колдоп турушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан