Бүгүн, 31-июлда Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм жана кыздар арасында 76 килограмм салмакта чүчү кулак аземи болуп өттү.
Чүчү кулакта кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келет.
Ал эми Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө казакстандык Эльмира Сыздыкова менен кез келет.
Эки кыргыз балбаны тең эртең, 1-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат болжол менен 08:00дө килемге чыгат.