Ушул жайдын дүйнөлүк деңгээлдеги эң маанилүү иш-чараларынын бири болгон жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына 3 күн калды.
Бул ири спорттук иш-чарада Кыргыздын намысын 16 спортчу коргойт. Спортчулардын дээрлик көбү килем үстүнө чыкчу балбандар экени көпчүлүккө маалым. Сиздерди бүтүндөй өлкө менен жан үрөп колдой турчу спортчуларыбыз менен тааныштырууну баштайбыз.
Аты-жөнү: Жоломан Шаршенбеков
Туулган жылы: 1999-жыл 29-сентябрь
Спорттун түрү: Грек-рим күрөшү
Салмак чени: 60 килограмм
Машыктыруучусу: Хаким Махмудов
Жоломан Шаршенбеков Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган. Бала кезинен спортко кызыгып ар кандай ийримдерге катышкан. Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Жоламан - беш бир туугандын үчүнчүсү.
Азыркы тапта балбан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 4-курсунда окуп жаткан мезгили.
Спорттук жетишкендиктери: