Коңшу Өзбекстан Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында алгачкы алтын медалына ээ болду.
Коңшу өлкөгө алгачкы алтынды 19 жаштагы таэквондочу Улугбек Рашитов алып келди. Ал 68 килограмм салмакта финалда англиялык Брэдли Синденди 34:29 эсебинде жеңип алды. Бул Өзбекстандын "Токио-2020" Олимпиадасындагы алгачкы медалы.
Бул салмак категорияда коло байгени кытайлык Чжао Шуай жана түркиялык Хакан Речбер жеңип алды.
Өзбекстандан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 67 спортчу спорттун 17 түрү боюнча катышууда.