Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өтүп, Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон Айсулуу Тыныбекова 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 унаасын алган.
Балбан кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
"Урматтуу достор! Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирет бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз! Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!
Мындан сырткары, 10 миллион сомдук сертификатка ээ болдук. Toyota RAV 4 үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!".
Бул билдирүүнүн алдына атактуу орусиялык балбан, "Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Роман Власов быйтыкча аркылуу билдирүү калтырды.