Кыргыз суучулу Денис Петрашов "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкта брасс стилиндеги сууда сүзүүсүн жыйынтыктады.
Петрашов брасс стилинде сууда сүзүүдө 200 метр аралыкты 2 мүнөт 10 секунд 7 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен биринчи орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыкты. Тизмедеги эң акыркы болуп жарым финалга чыккан англиялык спортчунун убактысы 2 мүнөт 9 секунд 95 миллисекунданы түздү.
Муну менен кыргыз суучулу 40 спортчунун ичинен 18-орунду камсыздап, тилекке каршы, Олимпиададагы жүрүшүн токтотту.
Денис Петрашов Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.