Бүгүн, 28-июлда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн кыз-келиндер боюнча Кыргыз курамасы Японияга учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кыз-келиндер курамасынан Олимпиадага жолдомо уткан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Японияга учушкан. Кыргыз балбан кыздарын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кеткен.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада эң алгач 1-август күнү Айпери Медет кызы килемге чыкса, 2-августта Мээрим Жуманазарова, 3-август күнү Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат.