Бүгүн, 1-август күнү кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында килемге чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Жоламан Шаршенбеков казакстандык атаандашын өтө ишенимдүү түрдө, эч кандай кыйынчылыксыз жеңгенин баса белгилей кетүү керек. Жоламан өтө жакшы.
Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышууда.
Кыргыз балбаны кийинки жүрүшүндө молдовалык Виктор Чобану менен кез келет.