Бүгүн, 2-августта Садыр Жапаровдун ишин караган соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда улантылды. Соттук отурумга сот Эмил Каипов төрагалык кылууда.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтты.
"Бүгүн мен темир тор артында кылмыш жасаганым үчүн эмес, "Кумтөр" кени, "Мегаком", чек ара маселелерин көтөргөнүм үчүн отурам. 2010-жылга чейин текшерген комиссия "Кумтөр" миллиондогон киреше алып келүүдө деп чечим чыгарып келишти. Мен "Кумтөрдү" изилдеп жатып, ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн ит аягын да алтындан жасап алсак болорун тактадым. "Кумтөрдө" Жети-Өгүз, Тоң райондорунда кендеги экология сакталбаган үчүн жаш балдар майып болууда. Мунун баарын дарыгерлер билет. Бирок тилдерин тишине катып айта албай коркуп отурат. Мамлекетке 3 жарым миллиард доллар чыгым болгонун аныктап чыктым. Муну бийлик да билет. Бирок эмнегедир үн катышпайт. Мындан сырткары мага "юпигейт" операциясын да уюштуруп көрүштү. Бирок ал план ишке ашпай калды. Эми Кеңешбек Жумабаевдин арызы аркылуу кылмыш козгошту. Бул жазылган арыз да калп болуп чыкты. Ал эми Эмилбек Каптагаев да доом жок деп айтты. Саруу айылында митинг боюнча суралган күбөлөр менин тиешем жок экенин айтышты. Мен сотуңардан коркпойм. Тескерисинче, сот, эртең тарыхтан коркушуңар керек. Силерди тарых кечирбейт. Сот, тергөөчү, прокурор силер кылымдын афёрасы делген "Кумтөрдү" текшеришиңер керек эле. Урматтуу сот, сиз акыйкат чечим чыгарсаңыз, актоо чечимин чыгарышыңыз керек", - деп билдирди Жапаров.
Сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда.