Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 1-август Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кытай 21 алтын, 13 күмүш жана 12 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 17 алтын, 17 күмүш, 13 коло медалы менен жайгашса, Япония 17 алтын, 5 күмүш жана 8 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.