Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Сыйлоо аземинде Олимпиадада медаль уткан 3 спортчуга, тагыраагы Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Сыйлык алгандардын толук тизмеси: Айсулуу Тыныбекова - экинчи даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV 4 унаасы;
Акжол Махмудов - экинчи даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV 4 унаасы;
Мээрим Жуманазарова - үчүнчү даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион жана Toyota RAV 4 унаасы;
Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Бекдөөлөт Расулбеков - 1 миллион сом жана "Даңк" медалы;
Нурбек Изабеков күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу - экинчи даражадагы "Манас" ордени, - 8 миллион 150 миң сом;
Мейрамбек Ахметов Акжол Махмудовдун машыктыруучусу - экинчи даражадагы "Манас" ордени, 2 миллион 500 миң сом;
Байгазы Кенжебаев - кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу - "Даңк" медалы жана 4 миллион 500 миң сом;
Улукбек Карачолоков грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу - "Даңк" медалы жана 2 миллион 750 миң сом;
Өмүржан Молдодосов - оор атлетика боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу - "Даңк" медалы жана 500 миң сом;
Суучул Денис Петрашов - "Даңк" медалы;
Дарыгер Бактыгүл Алишева - 1 миллион 500 миң сом жана "Даңк" медалы;
Сатыбек Чокаев - жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу - "Даңк" медалы;
Дарья Маслова - Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды;
Кабыл Макешов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды;
Чынарбек Изабеков Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу - "Ардак" грамота жана 1 миллион 750 миң сом;
Түгөлбай Базакечев - Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу - "Ардак" грамота жана 1 миллион сом;
Константин Ерёмич улук массажист - "Ардак" грамота жана 1 миллион 500 миң сом;
Акпарали Жамалдин уулу грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу - "Ардак" грамота 1 миллион сом;
Камбар Токтоналиев - оор атлетика боюнча башкы машыктыруучу - "Ардак" грамота жана 300 миң сом;
Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев - "Ардак" грамота;
Евгений Петрашов - сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу - "Ардак" грамота;
Сүймөнкул Таабалды уулу - эркин күрөш боюнча улуттук курама командынын улук машыктыруучусу - "Ардак" грамота;
Мелис Турганбаев - күрөш федерациясынын вице -президенти - "Ардак" грамота;
Акматбек Келдибеков - оор атлетика федерациясынын президенти - "Ардак" грамота;
"Алкыш" баракчалары төмөнкүлөргө тапшырылды: Мирбек Алтынбек уулу - күрөш федерациясынын мүчөсү;
Марат Аскарбеков - спорт агенттигинин кызматкери;
Дамирбек Асылбек уулу - күрөш федерациясынын биринчи вице -президенти;
Алмаз Бекбоев - күрөш федерациясынын вице -президенти;
Талант Жекшенов - Азия күрөш биримдигинин аткаруу комитетинин мүчөсү;
Ахрор Иминов - күрөш федерациясынын вице -президенти;
Динара Исаева - күрөш федерациясынын вице -президенти;
Руслан Капаев - оор атлетика боюнча машыктыруучу - 100 миң сом;
Адинай Кемелова - күрөш федерациясынын башкы катчысы;
Нурсултан Кеңешбеков - спортчу;
Хаким Махмудов - күрөш боюнча машыктыруучу - акчалай сыйлык;
Каныкей Кубанычбекова - ок атуу;
Айбек Моңолов - күрөш федерациясынын вице -президенти;
Виктор Суровцев - ок атуу боюнча машыктыруучу;
Асейин Төрөгелдиев - күрөш федерациясынын ардактуу вице -президенти;
Мелис Турганбаев - күрөш федерациясынын вице -президенти;
Канат Бегалиев - күрөш федерациясынын биринчи вице -президенти;
Абдужалил Юнусов - дзюдо боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Канат Шабданбаев - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Саламат Эргешов - Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы;
Бактияр Алиев - КТРКнын башкы директору;
Азамат Асанбеков - Акнеттин аткаруучу директору.