Коңшу Казакстандын бокс боюнча күчтүү мушкерлеринин бири, "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Василий Левит "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешинде эле сенсациялуу, укмуштуудай нокаут менен утулуп калды.
Казак мушкери алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда испаниялык Эммануэль Рейес аттуу мушкер менен кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө нокаут менен утулуп калды. Левиттин бул беттешине Казакстандын бокс федерациясы нааразычылыгын билдирген.
"Мындай деңгээлде акыркы жолу рингге чыгып жаткандай беттешиш керек болчу. Беттештеги маанай баарынан жогору турат. Рингде өз өнөрүн көрсөтүп, атаандашка болушунча мүмкүнчүлүк бербеши керек. Левит медаль утуу үчүн толук камсыз болуп, шарттары мыкты деңгээлде болгон. Ал "Астана Арланстын" рейтингинде биринчи орунда турат. Эмнеге мындай бокс көрсөткөнүн түшүнбөй жатам", - деген Казакстандын профессионалдык бокс федерациясынын вице-президенти Виктор Демьяненко.
Василий Левит Казакстандын "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы медаль үмүт арткан спортчуларынын бири болчу. Ал 33 жашта.