Пандемия шартына байланыштуу "Токио-2020" жылдырылган Бүткүл дүйнөлүк жайкы Олимпиада оюндары 23-июль күнү старт алат. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышат.
Биздин курамадан көптү үмүттөндүргөн чыгаан балбаныбыз Акжол Махмудов менен тааныштырабыз.
Акжол Махмудов Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча балбаны, Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргыз өлкөсүнүн күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык деңгээлдеги спорт чебери.
Туулуп-өскөн жери: Ош облусунун Араван району
Туулган жылы: 1999-жылы туулган
Үй-бүлөдө: беш бир тууган. Акжол ортончусу. Эки байкеси жана эки карындашы бар. Атасы Махамажан Махмудов 1971-жылы туулган, соода жаатында иштейт.
Спорттун түрү: Грек-Рим күрөшү
Хоббиси: Бильярд, теннис
Машыктыруучусу: Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Жетишкендиктери:
2015-жылы Индияда өткөн кадеттер (жаш уландар) арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган;
2016-жылы Тайвань шаарында кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон;
2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын алган;
2016-жылы Москва шаарында кадеттер арасында өткөн Борис Гуревич турниринде чемпион болгон;
2017-жылы Тайвань шаарында жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын утуп алган;
2017-жылы Финляндияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш утуп алган;
2017-жылы Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.
2018-жылы - Азиянын чемпиону болгон.