Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында чоң экранда көрсөтүлдү. Бир аздан соң Акжол Махмудовдун финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши чагылдырылды.
Бүйүр кызыткан мелдешти көрүп, экран артынан күйөрмандык кылып, жан үрөгөндөрдүн арасында чиновниктер да бар. Алсак, аянттагы чоң экрандан спорттук беттешти көрүүгө келгендердин арасында: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келгенин байкоого болот.
Ошондой эле аянтка келген элдин эмоцияга бай сүрөттөрүн тартуулайбыз.