Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыгып, анда 1/8 финалда азербайжандык, чейрек финалда тунистик, жарым финалда армениялык балбанды жеңип, татыктуу түрдө Олимпиаданын финалына чыкты.
Финалда кыргыз балбаны "Токио-2020" Олимпиадасынын негизги фаворити болгон венгриялык Томас Лоренц аттуу балбан менен кез келет. Кыргыз балбанынын финалдагы атаандашынын ийгиликтерин карап көрдүк.
34 жаштагы Томас Лоренц "Лондон-2012" жайкы Олимпиада оюндарында 66 килограмм салмакта күмүш байгеге ээ болгон. Ал финалда түштүк кореялык Ким Хен Воо аттуу балбанга жеңилип калган.
Мындан тышкары 4 жолку Европа чемпиону ("Москва-2006", "Тбилиси-2013", Вантаа-2014", Варшава-2021") жана Европа чемпиондугунда 1 жолу күмүш утса, 6 жолу коло байге жеңген.
Ал Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңип алган.
Томас Лоренцти Дүйнөлүк күрөш уюму "Токио-2020" Олимпиадасындагы фаворит балбандардын ичинен биринчи орунга койгон.