"Коттедж, жол тандабас, батир...". Шавкат Мирзийоев "Токио-2020" Олимпиадасында медаль уткан спортчуларына сыйлык тапшырды (фото)

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында медаль уткан спортчуларына сыйлык тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттин атынан алтын медаль уткандарга Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берилген. Ал эми коло медаль алгандарга Chevrolet Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Буга чейин Өзбекстан Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында медаль уткан спортчуларын сыйлоо аземине кызуу даярданып жаткандыгы тууралуу айтылган.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында Өзбекстан 3 алтын жана 2 коло медаль утуп, медалдык эсепте 207 өлкөнүн ичинен 32-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aminausman
2021-08-10 18:41:26
Метальды оңдоп койгула.
+2
gulya583
2021-08-10 18:52:09
Азамат президент экен. Жакшы колдоптур
+4
mirlan2084
2021-08-11 02:51:23
каяктагы 297 өлкө дүйнөдө жок 297 мамлекет туура жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан