Кыргыз суучулу Денис Петрашов Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 8 спортчунун ичинен 3-орунда келди.
Кыргыз суучулу 100 метр аралыкты 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 3-орунду камсыздады. Бул жупта биринчи болуп түштүк кореялык суучул келди. Ал 100 метр аралыкты 59 секунд 99 миллисекундада сүзүп өттү.
Бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыгат. Азырынча финалисттердин курамы аныктала элек.
Эми Денис Петрашов 27-июль күнү 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүүгө катышат.
Денис Петрашов Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.