Германияда медайым болуп иштеген Бегайым: "Бул жакта медицина тармагы өнүккөн, бирок жумушчулар жетишпейт" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (49 материал)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Германияда жашап, эмгектенип жаткан мекендешибиз Бегайым Абдумаликова болмокчу.

Бегайым Абдумаликова 24 жашта. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Үч-Булак айылында туулган. 9-классты аяктаган соң Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мектептердин биринде окуусун уланткан. Аталган шаардагы медициналык колледжди аяктап, учурда Германиянын Гамбург шаарында ооруканада иштеп жатат.

- Германияда жашап, эмгектенип жатканыңызга канча жылдын жүзү болду? Эмнеден улам Германияга сапар алгансыз?

- Дипломум менен Германияда иштесе болорун билип, немис тилин окуп баштагам. Тилди тезирээк үйрөнүү үчүн биринчи Au Pair программасы (бала багуучу) менен Германиянын Ольденбург шаарына келгем. 7 айдан кийин Гамбург шаарындагы ооруканага жумушка кирдим. Бул жакка келгенде биринчи медайымдын жардамчысы болуп жумушка орноштум. Буюрса, апрелде экзамендерден өтсөм медайым болуп иштеп баштайм.

- Германиядагы медицина тармагы боюнча дагы ой бөлүшө өтсөңүз.

- Германияда медицина тармагы аябай өнүккөн. Бүт керектүү жабдуулар бар. Бейтаптарга укмуштай шарттар түзүлгөн. Ошого карабай кызматкерлер жетишсиз. Медайым болуп эч ким иштегиси келбейт. Анткени жумуш оор. Бул жакта жашы улгайган адамдардын саны көп жана көпчүлүгүнүн балдары кыргыздардай болуп үйүндө карабаганы үчүн ооруканаларда жана карылар үйүндө болушат.

Медайымдарга болгон талап да күчтүү. Менин жумушумду мисалга алсам, 50 пайыз бейтаптарга жардам берүү болсо, 50 пайыз документ иштери. Ар бир кылган кадамымды программага жазып киргизип турушум керек. Ар нөөмөттө ар бир бейтапка күндөлүк жазабыз. Жумуштун аягында ар бир бейтап тууралуу айтып, башка кесиптештерибизге тапшырып беребиз.

Жумушчу аз болгонуна карабай бул жакта ар бир бейтапка жакшы мамиле кылышат. Азыр кызматкерлер жетишпегендиктен медайымдарды башка өлкөлөрдөн алып келип жатышат. Мисалы, Филиппинден келген кесиптештерим аябай көп.

Акыркы учурда нараазычылыктар көп болуп медицина кызматкерлери бир нече жолу иш таштоо акциясын өткөрүштү. Эми ал жыйынтыгын берет деген үмүттөмүн.

- Сүйгөн ишибизди кылышыбыз керекпи же кылган ишибизди сүйүшүбүз керекпи? Сиз кесибиңизди кандай жол менен тандап алгансыз?

- Менимче эмнени кылба ошону сүйүп жасасаң, өзүңдү да жакшы сезесиң, башкалар да сенден ыраазы болот. Мен кесибимди кокустан эле тандап алгам. Дос кызыма окуу жай тандашып жатып эле, мен да тапшырып көрсөмбү деп бюджеттик орунга өтүп кеткем. Ошентип окуп калдым. Бирок окуу учурунда бул кесип меники экенин сездим. Мугалимдерибиз сабакты аябай жакшы өтчү. Анан менин тырышчаактыгымды көрүшүп мактап койсо, ансайын кызыгып окучумун. Окуу учурунда өзүмдү ар тараптуу өнүктүрө алдым жана мындан да көп нерсеге жетише аларыма көзүм жетти. Ата-энем “кызым, сен кайсы кесиптин ээси болсоң да, өзүңдүн жумушуңду майын чыгарып жасасаң ийгиликке жетесиң” деп айтышчу. Чындап эле кайсы кесиптин ээси болсоң да, жумушуңду сүйсөң, ошол жерден ийгиликке жетише алат экенсиң.

- Улуттук баалуулук дегенде эмнени түшүнөсүз. Ал эми жашоодогу баалуулуктарыңыз кандай?

- Улуттук баалуулук дегенде биздин муундан-муунга өтүп келе жаткан салт-санааларыбызды түшүнөм. Бирок азыр көп нерселер бурмаланып, мурунку салттар өзүнүн кедергисин тийгизип калган учурлар болууда. Мисалы: кыргызда кичүү уул үйдө калып ата-энесин багат деген түшүнүк бар, бирок ал дегени бала эч жакка чыкпай, эч нерсени көрбөй үйдө калат дегени эмес да. Ал бала деле бир кесиптин ээси болуп, жашоодо өз ордун тапканга укугу бар.

Ошентип жаш эле ата-энелер балам багат деп 50гө чыкканда өзүн кары сезип, үйдө отуруп алышат. Же болбосо 12-14 жаштагы балдарын бизди баксын деп Орусияга жиберип койгон ата-энелер да четтен чыгат. Ушул сыяктуу нерселер менен улуттук баалуулукту бузуп коюп жатышат.
Менин баалуулуктарым - жакшы адам болуу, адамдарга үлгү болуп, коомду өзгөртүү, келечекте жакшы ата-эне болуу.

- Мотивацияны кайдан аласыз?
- Мотивацияны саякаттагандан, кызыктуу адамдар менен сүйлөшкөндөн, китептерден, тасмалардан, өзүмдүн жетишкендиктеримди эстегенден алам. Айрым учурларда кээ бир адамдар инстаграмдан рахмат айтып жазып калса, ал да мага мотивация болот.

- Психологдор "адам өзүн баалаганда, башкалар аны барктап, ийгиликке да жетет" деп айтып келишет эмеспи. Ал эми кыргыз жаман адаттарын баарын "кыргыздыгына" шылтап келет. Буга кандай карайсыз?

- Өзүн баалабаган адамды башкалар ички туюму менен дароо эле байкап ошого жараша мамиле кылышат. Кыргыздар көбүнчө адамдын жеке чегин бузушуп, өзүнүн суралбаган керексиз кеңештерин бере беришет. Өзүн баалабаган адам андай адамдарга жооп бере албайт жана кыйындыгын өзүнөн алсыз адамдарга көргөзө алат. Мисалы, балдарына же болбосо интернеттеги жылдыздарга. Качан ар бир адам өзүн баалап, бирөөгө сын тагып, керексиз кеңештерин бергенин токтоткондо анан жашоо өзгөрөт. Өзгөрүүнү ар бир адам өзүнөн башташ керек.

- Тилекке каршы, Кыргызстанда кыз-келиндер зордук-зомбулукка көп кабылып келишет. Кыздар укугун коргой албай калганына эмне себеп болууда?
- Биринчиден, кыз баланын өзүн-өзү баалабагандыгы. Анын баары үй-бүлөдөн башталат. Кичинекейинде зордук-зомбулук көрүп чоңойгон адам бул нерсени чоңойгондо да норма катары кабыл алат. Анан да биздин коомдо кичине теңсиздик бар экени байкалат. Мисалы, көпчүлүгү кыздын ордуна, эркек балалуу болууну самашат. "Эркекке боло берет", "эркекке теңелбе" деп кызды басмырлашат. Мындан тышкары мыйзам жакшы иштебейт, зомбулук көрсөткөн адамды катаал жазалабайт.
Кызды тарбиялап жатканда эле көпчүлүк апалар келечектеги келин катары тарбиялайт. "Кызым келечекте сен көп нерсеге жетишесиң, сабагыңды оку" дегендин ордуна "эртең келин болосуң", "бас, камыр жууруганды үйрөн" дешет. Камыр кылып, көчө шыпыргандан башканы билбеген аял, эртең каякка барам, кантип тиричилик кылам деп ойлонуп зомбулук көрсөткөн адамдан кете албайт.
- Акыркы убакта көпчүлүк жаштар улуу муун берген тарбияга сын көз караш менен карап, катачылыктарды санап келишет. Буга көз карашыңыз.
- Улуу муун бизге өздөрү көргөн, туура деп эсептеген тарбияны беришти. Ал мезгил негизи кыйын болгон. Бирок биз ошону иргеп, тарбия берип, балдарыбызга багыт көрсөтө алабыз. Ал өзүбүздүн колубузда.
- Абитуриенттерге бере турган 4 кеңешиңиз.
- ЖРТга жакшылап даярдангыла, бирок төмөн балл алып калсаңар жашоо бүтүп калды дегендик эмес. Окууну аяктоо бул жашоонун бир эле этабы. Бир нерсеге жетишпей калсаңыздар, балким башка андан да жакшы нерсе күтүп турат. Чет тилдерди үйрөнгүлө. Башка тилде сүйлөп жатып, силер өзүңөрдү таптакыр башка адам сезе аласыңар. Көп китептердин кыргызча котормосу жок, ал эми тил билсеңер башка тилдеги китептерди окуп, ой чабытыңар кеңейет. Канча көп тил билсеңер, ошончо көп мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Өзүңөрдү жакшы, силерден да кыйын адамдар менен курчагыла. Өзүңүздү курчап турган беш адамдын бирөөсү болосуз. Жаңы нерселерге, жаңы адамдарга ачык болгула. Кээ бир мүмкүнчүлүк бир эле жолу келет.
- Чет жердеги жашооңузда кызыктуу окуялар көп болсо керек...
- Кызыктуу окуялар дайым эле болот. Көпчүлүк бөлүгү жумушта болот. Немисче бир нерсени туура эмес түшүнүп алып, туура эмес нерсе кылып алган учурлар болот. Жашы өтүп калган бейтаптар биздегидей эле көбүнчө өздөрүнүн макал-лакаптарын, эскирип калган сөздөрдү кошуп сүйлөшөт. Аларды түшүнбөй туруп, түшүнгөндөй болуп койгон учурлар болот (күлүп).
- Азыр технология өнүгүп, жумуш алда канча жеңил болгонуна карабай адамдар стресс, депрессияга көп кабылып жатканы айтылат. Себептери эмнеде деп ойлойсуз?
- Депрессия мурун деле болгон. Бирок көпчүлүгү аны моюнуна алып, дарылабай, ичип кетишкен же өзүн-өзү өлтүргөндөрдү деле угуп жүргөнбүз. Анан да алардын акча таап жан багам деп жүрүп депрессияга убакыты аз болгон деп ойлойм. Бирок алар жаман энергиясын балдарынан, жолдошунан чыгарышкан. Азыр мурункуга караганда жашоо жеңил, адамдар жан дүйнөсүнө көп көңүл бура башташты. Депрессия тууралуу айтуу мурункудай уят болбой калды. Эл психологго бара башташты. Ошол үчүн го дейм.
- Кыргызстанда сизди таң калтырган жана суктандырган нерселер.
- Кыргызстанда элдин көпчүлүгү убактысын, акчасын тойлорго же бирөөлөргө короткону дагы деле таң калдырат. Адамдар бири-бирине ушунчалык чырмалышып жашашат жана өзү үчүн жашагандан коркушат. 1 миллионго той өткөрүш норма, бирок бир жылда бир жолу 50 миң коротуп эс алып келишпейт.
Суктандырган нерселер учурда туризм өнүгө баштаптыр. Бир күнү жумушта кесиптешим Кыргызстанга барган эмгек өргүүсү жөнүндө аябай суктануу менен айтып берди. Чынында немистерди Кыргызстанга атайын барат деп ойлогон эмесмин. Андан тышкары азыркы жаштар суктандырат. Аябай билимге умтулган, кыйын балдар, кыздар көп. Учурда айлык, жумуш орундары да көбөйүптүр. Шаарларда кыргызча сүйлөгөн кайра мода боло баштаптыр.

- Акчаны канткенде туура колдонсо болот? Жеке тажрыйбага таянып кеңеш бере аласызбы?

- Акчаны туура колдонгонду эми гана үйрөнүп баштадым. Бир учурда колдонгонду билбегендиктен 400 миң сомдой карыз болуп калгам. Ал карыздарымдан кутулуп, дагы ушундай көйгөйгө жолукпайын деп, финансылык сабаттуулук жөнүндө окуй баштадым. Албетте, азырынча чоң ийгиликтерге жетише элекмин, бирок мурункуга караганда чоң жылыштар бар.

Негизи көпчүлүк энергиямды акчаны кантип үнөмдөөгө эмес, акчаны кантип көбөйтө алам деп ойлоном. Жумушумдан сырткары жакшы көргөн нерселеримден акча тапканы аракет кылам. Мисалы, сабак берип, өзүм билген нерселер менен бөлүшүп.

Айлыгымдын көп бөлүгүн окууга, психологго, курстарга, саякатка инвестициялайм. Алган билим убагында 10 эсе болуп кайтып келет. Банктан эсеп ачтырып айлыгымдын 30 пайызын келечекке топтойм. Жөнү жок карыз бербейм, берсем ал акчаны кайра күтпөйм. Ичимдеги боштукту толтурам деп керексиз нерселерди албаганга аракет кылам. Бир нерсе аларда, бул нерсе мага чындап эле керекпи деп сурайм. Акча тууралуу китептерди окуйм, тасмаларды көрөм. Акчага жакын болгонго аракет кылам.

- Бегайым, кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ийгиликтериңиз арбын болсун!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан