"Билим алуу менен ашказанымды да, рух казанымды да тойгузуп жатам". Түркияда окуп жаткан кыргыз кызы Бактыгүл Сарыбаева менен маек

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
Талыкпай эмгектенип, изденүүнүн арты менен ийгилик жаратып, башкаларга үлгү боло алган кыргыз жаштарынын саны арбын. Алардын бири 25 жаштагы Бактыгүл Сарыбаева Түркиядагы алдыңкы университеттердин биринде тил үйрөтүү бөлүмүндө билим алууда. Ал билим алуу менен эле чектелбестен бейөкмөт уюмдардын биринде котормочу болуп иштеп жаткан кези. Бактыгүл Сарыбаева менен окуусу, чет жердеги тажрыйбасы тууралуу маектештик.

- Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Мен Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда төрөлүп, чоңойгом. Азыркы учурда Стамбул шаарында жайгашкан Йылдыз Текник университетинде магистратурада окуп жатам. Жакында магистрдик ишимди жактайм. Менин эң негизги жетишкендигим - бул Кыргыз өлкөсүндөгү эң жакшы мектептердин биринде окуганым жана мыкты университетте билим алганым болду. 2018-жылы Түркияга студенттерди атайын стипендия жана бекер билим алуу менен камсыздаган "Түркия Стипендиялары" деген программанын негизинде окууга тапшыргам. Бул жакта окуганыма 3 жылдын жүзү болуп калды.


- Эки өлкөнүн кандай айырмачылыктарын байкадыныз?

- Негизи эле ар бир эл өзгөчө болот эмеспи. Ошол сыңары Түркия менен Кыргыз өлкөсүнүн бири-бирине окшоштуктары да, айырмачылыктары да бар. Эки өлкө тарыхый, маданий, диний жактан бири-бирине жакын өлкө. Конок тосуу, бала тарбиялоо, үй-бүлөлүк мамилелер бири-бирине окшош. Ал эми айырмачылыктар болсо көп. Түрк элинин тамактануу, кийинүү, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү бизге окшобойт.


- Чет өлкөдө окуй баштагандан бери сизде кандай өзгөрүүлөр болду?

- Мектепте окуп жүргөн кезимде чет өлкөдө билим алууну кыялданып, чет тилдерин үйрөнүүгө аракет кылчумун. Кыялдануу, туура план түзүү жана аракет - булар ар бир жашка керектүү болгон процесстер. Ошондуктан менин да кичинекейимдеги кыялдарым чет өлкөдө окуп калуума себепчи болду. Ар дайым бир нерсени ар түрдүү багыттан карап, жашоо стандарттарымды өзгөрткүм келчү. Бул үчүн күн сайын окуп, изилденүүгө туура келди. 3 жылдан бери менде көп өзгөрүүлөр болду. Эң алды, алган билимимди практикада колдонууну, максат коюп, ага кантип жетүүнүн жолдорун үйрөндүм. Тагыраагы, бир нерсени жөн эле каалап коюу жетишсиз экенин түшүндүм. Кыргыз өлкөсүндө болсом да 3 жылда ушундай эле өзгөрүүлөр болмок. Анткени убакыттын өтүшү менен адамда өзгөрүү болот. Бул жакта билим алуу менен ашказанымды да, рух казанымды да тойгузуп жатам десем туура болот.


- Студенттик жашоо кандай өтүп жатат? Ал жакта көп улуттар менен таанышсаңыз керек?

- Студенттик күндөр кызыктуу өтүп жатат. Бирок магистратурада окуу бакалаврга караганда зеригичтүү экенин баса белгилегим келет. Анткени магистратурада биринчи жыл сабак алып, кийинки жылдары жалаң гана изилдөө менен алек болосуң. Илимий изилдөө иштери ар бир студенттин өзүнө гана тиешелүү болгондуктан группалаштарыңды да көрбөйсүң. Жалпысынан алганда окуу бир аз кыйын болду. Жаңы жашоого, жаңы коомго көнүп кетүү, жаңы система менен окуу кыйынчылык туудурду. Андан сырткары мен окуган программа бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыздайт. Биринчи жыл африкалык жана малайзиялык кыздар менен жашап калдым. Экөө тең түркчө билчү эмес. Аларга башында котормочу болуп жүрдүм. Андан сырткары төгөрөктүн төрт бурчунан келген студенттер менен чогуу окуп калдым. Бири-бирибизге жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөндүк. Алар менен жакындан тааныштым. Көптөгөн конференцияларга, семинарларга катышып доклад окудум. Айтор жемиштүү жылдар болду.



- Ал жакта билим алуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

- 2019-жылдан бери Жашылай коому уюмунда ( Türkiye Yeşilay Cemiyeti) эл аралык мамилелер жана котормо бөлүмүндө иштеп жатам. Бул жерге алгач OIC Intern компаниясы аркылуу практикага келип, анан ишке кирдим. Аталган уюм тамеки, наркотик, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, технологиялык көз карандылык жана жаман адаттар менен күрөшүү үчүн иш алып барат. Бул уюмдун дүйнөнүн 70 өлкөсүндө филиалы бар. Кесиптештерим менин Кыргыз өлкөсүнөн экенимди укканда абдан жакшы кабыл алышты. Анткени бул уюмдун биздин өлкөдөгү филиалы абдан активдүү иштейт экен.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Алдыдагы эң чоң максатым - профессор болуу. Мектепте окуп жүргөн кезимден бери эле илимдин доктору, илимдин профессору болгум келчу. Азыр бул тарапка тил илими жагынан баратам. Ошондуктан магистратураны бүткөндөн кийин докторантурага өтүү үчүн даярдыктарды көрүп жүрөм. Жакында атайын экзамен тапшырдым. Америка жана Европадагы университеттерге да катталып койдум. Албетте, алган билимим менен коомго пайда келтиргим келет. Ошондой эле аларды кыргыз жаштарына үйрөткүм келет.


- Стамбул шаарында жашоо кандай экен?

- 18 миллион жашоочусу бар Стамбул шаары - Түркиянын эң чоң, өнүккөн шаарларынын бири. Көп улуттар жашагандыктан ар түрдүү маданияттын борбору десек болот. Түрк эли мусулман болгондуктан ислам дининин ордосу. Осмон империясынан бери келе жаткан байыркы шаар. Калкы жыш жайгашкан чоң мегаполис болгондуктан бул шаарда жашоо бир аз кыйын. Деңиздин жээгинде жайгашкандыктан кышта кар жаабаса да суук болот. Жайында ысык болот. Кыргыз өлкөсүндө жашоого көнүп калгандар, башында аба ырайына көнө албай кыйналып калат экен.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан