"Ушул көйгөй туристтердин алдында ыңгайсыз абалга сала берет". Гид Абдинур менен маек

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу 21 жаштагы Абдинур Абдилабеков болмокчу. Учурда ал IT багытында билим алып жатат. Окуусу менен катар чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөтүп келет. Каарманыбыз Кыргызстанда туристтерге кандай шарттар түзүлгөнүн, туризмдин өнүгүүсүнө эмнелер кедергисин тийгизерин санап өттү.

- Өзүңүз тууралуу кенен маалымат берип өтсөңүз?

- Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан болом. Азыркы учурда Кыргыз улуттук университетинде 2-курсту аяктап жатам, IT факультетинде окуйм. Google компаниясынын студенттер үчүн атайын программасын жетектейм. Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунда ыктыярчымын.

- Туризм тармагына кантип келип калдыңыз эле?

- Туризм — бул сезондук жумуш, ошондуктан 9 ай бою университетте окуп, ал эми калган 3 ай сезон болуп турганда фокусту толук түрдө жумушка бурам. Себеби ошол 3 айда тапкан кирешемден алдыдагы студенттик жашоом аныкталат. Жумуш чет тилин билген гана студенттерге идеалдуу деп толук түрдө ишеним менен айта алам. Бул чөйрөдөн иштеп табылган акча кыйла чыгашаларды жабат. Айлыктан тышкары бул жерде башка “баалуулук” бар. Ал кымбат нерсе - нетворкинг. Ар бир турист менен сүйлөшкөн сайын дүйнө таанымым көтөрүлгөнү өзүмө даана сезилет. Ал нерсени сөз менен айтып берүү кыйынга турат деп ойлойм, ошентсе дагы белгилери акыркы 2 жылда катуу билинди.

Чынын айтсам, туризм тармагына кыйынчылык болуп жаткан кезде жок жерден келип калгам. 2022-жылы IT курстардын бирин бүтүп, бирок жумуш таппай отурганда досум Бишкектеги отелдердин биринде жумушка орношууга чакырган. Туризмге болгон биринчи кадамым ошол болду. Убакыттын өтүшү менен туристтерди отелден алып кеткени келген гиддер менен таанышып, маалымат ала баштадым. Алардын англис тилин билүү деңгээли меникинен айырмасы деле жок экен. Тилекке каршы, сезон бүтүп калганы үчүн ал жылы гид боло албадым. Отелде бирге иштеген кесиптешим кийинки жылы туристтик компаниясына жумушка чакырды. Албетте, жумушка кирүүдөн мурун тил билүү деңгээлим жогору болушу керек эле. Мен кичине кезимден баштап англис тилин окуганым үчүн жогорку деңгээлде билем деп айта алам. Андыктан маселе болгон жок, болгону гана туризмде иштеген таанышың болбосо бул тармакта жумуш табуу чынында бир аз кыйын.

- Чет өлкөлүктөр Кыргызстанга эмнеге келишет? Эмнелерди көрүүнү самашат?

- Бул жерде көп аргументтерди келтирсе болот, тарыхыбыздан баштап укмуштуудай болгон табиятыбызга чейин. Бизде тарыхый архитектура анча өнүкпөгөндүктөн көпчүлүк учурда туристтер биздин кооз жаратылышыбызды көргөнү келишет десем жаңылышпайм. Биз көчмөн эл болгонубуз үчүн тарыхый архитектура анча өнүкпөгөн сыяктуу. Мисалы тарыхый архитектурабыз эң байыркы делген Бурана, Мунара, Таш-Рабат менен чектелип калат. Ал эми Өзбекстанда кээ бир шаарлар толугу менен архитектурасын сактап калганын көрүүгө болот. Андай дегенибиз менен биздин көчмөн турмушубузда деле көп нерселерди өнүктүрүп жетишкенбиз. Мисалы, тигүү өнөрчүлүгү аркылуу кыргыз орнаменттери өтө кооз дизайндардын катарын толуктайт. Кыргызстан алгыр куш менен чыныгы аңчылыкка чыгууга мүмкүн болгон сейрек өлкөлөрдүн бири. Бүркүт менен аң уулоо туристтердин оозун ачырбай койгон учур менин жеке тажрыйбамда каттала элек. Туристтер четте көрүп отуруп эле канчалык эмоцияларга толуп жатканын көрүүгө болот. Дал ошол учурда кайсы бир деңгээлде патриоттук сезим ойгонуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгү, өз тарыхы жана маданияты бар экендиги мекениме болгон сүйүүмдү арттырат.

- Туристтерден шарттын жоктугунан уялган убактыңыз болду беле? Мисалы, даараткана көйгөйү.

- Албетте, ар дайым ушул көйгөй мени туристтердин алдында ыңгайсыз абалга сала берет. Биздин коомчулукта ушул кичинекей нерсе канчалык чоң көйгөй экенин элестетүү кыйын. "Эмне үчүн ушул нерсеге көңүл бурулбайт" деген суроо көп ойлондурат. Туристтик жерлерде даараткананын жамандыгы эмес, жоктугу көйгөй болуп жатпайбы? Мисалы, ажаткана "Ала-Арча" улуттук паркында гана бар болбосо, Аламүдүн капчыгайында же Чуңкурчакта жок деле, Ысык-Көл менен Нарынды айтпай деле койсом болот. Дайыма ресторан, отелдерден сурап кирип чыгууга туура келет.

Экинчи маселе - жол маселеси. Ысык-Көлдүн түштүк аймагында "Жип" унааң болбосо туристтерге ал жакты көрсөтүү кыйынга турат. Себеби жолду толугу менен бузуп салышкан. Көл-Суу деген Кыргызстанда эң кооз көл бар. Ал жакка Бишкек-Торугарт жолу менен бара турган болсоң Ак-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп кетсе эч кандай унааң менен өтө албайсың. Туризм департаменти ушул маселеге көңүл буруп, балким, жолду жакшыртып, көпүрө куруп берет деп үмүт кылам.

- Туристтерге жаккыдай кылып инфраструктурабызда эмнени өзгөртүүгө болот?

- Бишкекти ала турган болсок, көчөлөрдөгү жарнамаларды дизайн-код стандарттарына ылайык гана жасаса демекмин. Себеби өзүм башка мамлекеттерге барып келгенден кийин биздин шаардын көрүнүшү аябай эле зээнди кейитет экен. Мындан сырткары туристтер көп бара турган аймактарга “Rest Point” жайларын көбөйтүү керек.

Чынында, технологиялык инфраструктураны өнүктүрбөсөк катуу кыйналып калабыз. Мобилдик банкинг ички төлөмдөргө гана ыңгайлуу, башкача айтканда, Мбанк менен бир гана өзүбүздүкүлөр төлөй алат, ал эми туристтерге андай шарттар каралган эмес. Мисалы, көпчүлүк учурда банкоматтар “Union Pay” карталарын тейлебейт, ал гана эмес “Master Card” карталары менен терминалдарда төлөм өтпөй калган учурлар көп кездешет. Кээде Apple Pay'ден дагы төлөм жүргүзгөндө ушундай маселе жаралат. Мындан улам туристтерге акчаны накталай алып жүрүүгө туура келет. Бул акчаны уурдатуу ыктымалдуулугун жогорулатат. Бул маселе өтө көйгөйлүү угулбашы мүмкүн, бирок бул бизде көп нерсенин өнүкпөгөнүнөн кабар берет. Бирок азыркыдай темп менен өнүгө берсек жакынкы жылдары төлөм системалары боюнча Батыш өлкөлөрүнөн артта калбайбыз деп ишенем. Болгону инвесторлорго мүмкүнчүлүк түзүлүп, бизнесмендерге мамлекет тарабынан көптөгөн жеңилдиктер берилиши керек.

- Биздеги туризмди өнүктүрүп, андан жакшы киреше табуу үчүн бизге эмнелер жетишпей жатат?

- Бул маселе боюнча жаңы мисал келтире алам. Бизде мектептен тарта англис тил сабагы өтүлгөнү менен, калкыбыздын басымдуу бөлүгү англисче сүйлөй албайт. Бул тилде сүйлөй алгандардын басымдуу бөлүгү жаштар. Анткен менен алардын көпчүлүгү чет мамлекеттерге окууга тапшырып кетишет, же болбосо бул жакта жүрүп англисче билсе дагы сүйлөгөндөн уяла беришет. Негизи бизде тил маселеси курч эмеспи деген ой да келет. Муну менен орус тилин такыр үйрөнбөй эле коёлу деген жерим жок. Орусча сүйлөп деле гид болуп жүргөндөр аз эмес. Болгону англис тилин билсең мүмкүнчүлүктөр көп.

Кийинки маселе - бул кышкы туризм. Белгилеп кеткендей, бизде туризм бир гана жай айларында болот, кышкысын көбүбүз жумуш жок отуруп калабыз. Ошондуктан кышында лыжа тебе турчу жерлер көбүрөөк ачылышы керек деп ойлойм.

Мындан сырткары мамлекет тарабынан Өзбекстандагыдай сертификация программасы киргизилсе жакшы болмок. Ошондо гана туризмде өзүнүн жумушун, англис тилин жана тарыхты жакшы билген адистер калат. Азыр такси айдап жүрүп турист ташыгандар деле аз эмес. Албетте, алар арзан тур сатышат. Бирок ошол эле учурда алардын англис тилин билүүсүнөн, тарыхты бурмалабай айтып беришинен күмөнүм бар.

- Чет өлкөлүк туристтер Кыргызстан тууралуу кандай ойдо кетишет?

- Жеке менин тажрыйбамда туристтер 95 пайыз көңүлдөрү ток кетишкен, ал эми 5 пайызын аэропорттогу тейлөө кызматына байланыштырмакмын. Байкасаңыздар, былтыртан бери Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтердин, анын ичинен Дубайда жашаган индиялык экспаттардын саны кескин көбөйдү. Аларга Кыргызстанга келүү үчүн e-Visa керектелет. “Visa on arrival” деген түшүнүк бар, бул аэропортко конгондон кийин визаны миграциялык көзөмөл пунктунда алууга болот дегенди билдирет. Менин билишимче, Индиянын жарандарына биздин компаниялар визасына жардам беришпейт, туристтер көпчүлүк учурда өздөрү онлайн алышат. Көйгөй визаны бул жакка келип алам дегенде башталат, себеби бизде миграциялык көзөмөлдө 1 же 2 гана адис отурат. Дубай-Бишкек багыты боюнча учкан жүргүнчүлөрдүн 20 пайызы гана кыргыздар болбосо, калганы дал ошол Индиянын жарандары. Эми элестетиңиз, анын баарын эки кызматкер канча убакытта тейлеп бүтөт? Мындан улам туристтердин чыгышын 7 саат күткөн учур да болгон, сыртта күтүп отурган мага эле канчалык кыйын болду. Туристтердин кооз жаратылыштын артында ушундай мамиле күтүп турганынан маанайлары түшөт. Андыктан туризм жаатында иштегендер гана эмес, мамлекеттик кызматтагылар да чоң жардам көрсөтүшү керек деп эсептейм.

- Кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдирем!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан