Түркияда окуп, иштеген кыргыз кызы: "Туура эмес башкарылган мамлекеттен эң мыктылары кетип калат. Анткени алтынга алтындай, жезге жездей төлөш керек"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Түркияда окуп, иштеген кыргыз кызы Айзат Ибраева учурда 25 жашта. Ал Түркияда окуп, магистрдик диссертациясын жазып, 1 жарым жылдан бери “ARGEDA” изилдөө жана консультациялоо борборунда социолог-кеңешчи катары иштеп келе жатат. Кыргыздын сыймыктуу кызы менен SUPER.KG порталы маек курду. Ал билим алуудагы жолу, билимдүү болуунун маанилүүлүгү жана жаштарды шыктандыруучу кеп-кеңештери менен бөлүштү.

- Айзат, биринчи өзүңүз, ата-энеңиз тууралуу билип алалы.

- Мен 1994-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында туулгам. 3 бир тууганмын, атамдын аты Амантур 73 жашта. Ал айдоочу-камсыздоочу, компартиянын мүчөсү болуп иштеген. Апамдын аты Мария 56 жашта, медайым болуп эмгектенген. Учурда ата-энем экөө тең пенсияда.

Ата-энем динге жакын болгондуктан, кичинемден бери кыргыз каада-салттары менен бирге Ислам дининин негизги адеп-ахлактык базасын мага тамырынан сиңиришкен. Ошондуктан орус класста окуп, орус жана батыш маданиятын көрүп өскөнүмө карабастан, кыргыз тилин, каада-салттарын, коомдук нормаларды жана мусулмандын жашоо жана ойлонуу образын да бирге алып жүргөнүмдүн негизинде азыркы адамдык мүнөзүм калыптанган. Кичинемден бери китеп окуганга абдан кызыкчумун, үйдөгү милдеттеримди аткарып, сабактарымды окуп бүтүрүп, окуп жаткан китебимдеги дүйнөгө кайтып барууга ар дайым шашылчумун. 4-5-класста окуп жүргөн кезимде көбүнчө совет мезгилиндеги балдар үчүн жазылган адабиятка абдан кызыгып окугам, ал маалда Советтер союзун идеалдуу мезгил деп эсептесем керек.

- Чоңойгондо ким болгуңуз келчү? Бала кезиңизде болжоп, болгоологон кесибиңиз болсо керек эле?

- Чоңойгондо инженер болуп, убакыт аппаратын куруп туруп Советтер союзу дооруна барып жашагым келчү (күлүп). Анткени китептерден алган маалыматка караганда, ал кезде көчөдө селсаяктар болгон эмес, окуучулар коомдун эң мыкты мүчөлөрү болуусу үчүн бардык тараптан адеп-ахлактуу болууга үйрөтүлгөн. Негизи эле Советтер союзундагы адамдар адилеттүү, иштемчил, жоопкерчиликтүү жана коом үчүн аракет кылган деген пикирге жараша, мен жашап жаткан коомду да ошондой кылсам деп кыялдансам керек. Кичинемден бери коомдук системди жакшы нукка алмаштырууга, реформа кылууга жараган пайдалуу адам болгум келчү.

- Мектепте кайсы сабактарды мыкты окуйт элеңиз?

- Мектепте окуп жүргөндө математика, биология сабактарына, экономика, психологияга кызыгуум күч болчу. Андан тышкары кыска баяндарды жазып, аларга иллюстрация катары сүрөт тартып калчу элем. Математика, биология сабактарынан олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алып жүрдүм. 8-класстан баштап жапон аниме жана мангаларына (комикс) кызыгып, өзүмдүн бир чакан мангамды да жаратканга аракет кылгам. Аларды досторума таратып, окутчумун.

10-класста Флекс программасына тапшырып өтүп, бирок ден соолугума байланыштуу ал жерге бара албай калгам. Ал эми 2012-жылы мектепти аяктап, университетке тапшырууга аракетимди жасап баштадым. ЖРТ сынагы боюнча 196 балл алып, ал жылдын район боюнча эң жогорку балл алган окуучусу болдум. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер жана биотехнология бөлүмдөрүнө бюджетке өтүп кеттим. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде эң мыкты окутуучулар, өнүккөн инфраструктура, мыкты билим деңгээли жана түрк, англис жана кыргыз өзгөчө илимий кыргыз тилине басым жасалгандыктан, ал университетке да социология бөлүмүнө тапшырып, өттүм. 2017-жылы аталган окуу жайдын "Эң мыкты студенти" деген наамы менен бүтүрдүм.

- Студенттик күндөрүңүз кандай өттү? Негизи мектепти бүтүп студент болгондо алгач кыйынчылык болот эмеспи, сизде бул нерсе байкалган жокпу?

- Негизинен Манас университетинде эң сонун күндөрүм өттү десем болот. Анткени ал жакта чыныгы аракет кылган, билимге умтулган студенттер үчүн бардык физикалык жана социалдык шарттар түзүлүп берилген. Дал ушул университетте окуп жүргөн кезимде менде патриоттук сезимдерим күчөдү. Кыргыз тилин илимий тил катары абдан жакшы деңгээлде колдонуп, макалаларды жазып, жарыялап, социологиялык китептерди которуп, кыргыз тилин үйрөнүп да, анын илимий формасынын өнүгүүсүнө бир аз болсо да салымымды кошконго аракет кылдым. Мындан улам менде эч бир кыйынчылык байкалган жок. Абдан тырышып, жакшы окудум.

Аталган окуу жайда билим алгандыгым менин адамдык сапаттарым кээ бир тараптарын, илимий жана дүйнөгө болгон көз-караштарым жаатында толугу менен жакшы тарапта өзгөрттү деп ойлойм. Анткени бул жакта адеп-ахлак, илим, билим, адилеттүүлүк, адамгерчилик, дин, прогресс жана модернизм абдан сонун эриш-аркакта сунулат жана буларды адам өзүнө сиңирип алат. 3-курстун экинчи семестринде Түркиянын Конья шаарындагы Селчук университетине “Мевлана” алмашуу программасы аркылуу барып билим алып келгем.

- Өзүңүздүн окуп жаткан бөлүмүңүздү жеке каалоо менен тандадыңыз беле же өкүнүп, эки анжы болгон учурлар болду беле?

- Социология бөлүмүн атайын каалап тандагам. Анткени университет жана факультет тандоо убагында булар жөнүндө маалымат издеп, адамдардын ой-пикирин сураштырып көрдүм. Көпчүлүгү медицина, компьютердик инженерия, эл аралык мамилелерди сунуштаган. Бирок бир күнү бөлөм социология илим тармагы жөнүндө кеп кылып калды, андан кийин бул илим тууралуу жакшылап маалымат алсам, абдан комплекстүү, эң башкысы – эң керектүү тармак экен. Анткени социология – бул коом таануу илими. Демек коом, адамдардын социалдык жана негизи эле жашоосуна эмне тийиштүү болсо, алардын бардыгын бирдей алып, анализдейт.

Социология – бул коомдо болуп жаткан жашообузду, бардык жараян жана көндүм абалдардын негизин, келип чыгышын, өзгөчөлүктөрүн иликтеп туруп, ар бир маселени жалпы жана толук кандуу, ар тараптуу алып туруп чечим сунуштарын берген практикалык илим. Мыкты социолог болуш үчүн бардык тармактардан мыкты болушуң шарт. Башкача айтканда, адамдын жашоосунда эмне бар болсо ошолорго байланыштуу бардык тармактарды жакшы түшүнүш керек. Мисалы, медицина, психология, технология, тамак-аш, эконономика, маданият, саясат, дин, искусство жана башка жааттарда жакшы маалыматка ээ болуш керек. Бул маалыматты анализдөөгө шыгы болушу зарыл. Анализ - бул жөн гана окуялар туралуу өзүнүн оюнун жыйынтыктарын айтуу эмес. Социолог бир иш жасаганда анын иши башынан аягына чейин илимий негизде тестирленген жана тиешелүү илимий методдор менен далилденген элементтерден туруусу абзел.

Социолог болуш үчүн статистиканы жана компьютердик маалыматты анализдөө программаларын жакшы билиш керек. Эгерде мамлекеттик башкаруу органдары социологдор менен тыгыз байланышта болуп программа, проектилерди даярдаган болсо, ал мамлекет дүйнөнүн ар тараптан өнүккөн эң мыкты өлкөсү болот.

- Түркияга кандай жол менен барып окуп калдыңыз?

- "Манаста" бакалавр даражамды алган соң дароо Түркия стипендиялары аттуу программасы аркылуу Түркиянын Сакарья университетинин социология бөлүмүнө магистратурага өттүм. Бул программа толук стипендиялуу категориясына кирет жана студенттин учак билеттерин, окуусун, тамак-аш жана жаткан жерин, медициналык камсыздоосун төлөп, андан тышкары өз керектөөлөр үчүн айына 750-1500 лирага чейинки стипендия берет. Бул программага өтүш үчүн академиялык жактан мыкты жетишкендиктер менен бирге, социалдык жактан активдүү кандидат экендигин көрсөтүү керек.

- Түркия элдеринин Кыргыз өлкөсүнө кандай окшоштук жактары бар экен?

- Түркия негизинен Кыргыз мамлекетине көп жактан жакын коом десек болот. Өзгөчө каада-салттары, тили жакын, динибиз бир. Кээде бул жердеги адамдардын белгилүү бир окуяга болгон көз караштары да окшошуп кетет. Түркиянын калкынын чет өлкөдөн келгендерге кылган мамилеси абдан жагат. Дайым сылык, жардам берүүгө даяр жана абдан кең пейил, кыргыздан да өткөн меймандос калк.

Ар дайым бизди өз үйүнө коноктоп, “силер бизге аманатсыңар” деп, жардамын, сыйын аябайт. Өзгөчө көчөдө бир жерди таппай адашканыңды көрүшсө, суратпай эле өзүлөрү “Жардам керекпи? Эмнени издеп жаттыңыз эле?” деп турушат. Полиция кызматкерлери өз ишин мыкты аткарышат. Аларды көргөндө чыныгы коргоо алдында экенинди сезесиң. Оорукана, дүкөн, бардык ишканаларда кызмат көрсөтүү абдан жакшы деңгээлде. Түркияда магистратурада окуу мага көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады. Мисалы, бул жактын билим берүү системинин механизмин жакшылап байкап алдым, социлогия боюнча билимимди дагы да тереңдетип алдым.

Түркияда негизи эле дүйнөнүн ар четинден келген көптөгөн эл аралык студенттер окушат. Ошондуктан алар менен достошуу, баарлашуу аркылуу көптөгөн маданият, коомдордун өзгөчөлүктөрү менен дагы жакшыраак таанышып алдым. Бул мен үчүн социолог катары абдан маанилүү. Өзгөчө эл аралык илимий конференцияларда өзүм жазган макалаларды презентациялоого да көп мүмкүнчүктөр түзүлдү. Аларда өзүмдүн тармагым боюнча көптөгөн академиялык тааныштар тармагын түзүп алдым.

- Ал жакта жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

- Бул менин Түркиядагы 3-жылым. Азыркы учурда магистрдик диссертациямды жазуудамын. 1,5 жылдан бери “ARGEDA” изилдөө жана консультациялоо борборунда социолог-кеңешчи катары иштеп келе жатам. Бул борбордо биз жеке жана мамлекеттик уюмдардын ишмердүүлүгүн анализдеп, келечектеги иштөө программасына жараша стратегиялык планын даярдап беребиз. Мисалы, акыркы жарым жылдын ичиндеги эң масштабдуу проектилерибиз арасында Түркиянын Текирдаг аттуу облусунун жана Болгариянын муфтиятынын организациялык текшерүүсүн жүргүзүп, стратегиялык планын түзүүдөбүз.

Андан сырткары, бул борбордогу позициямдын алкагында Түркиянын индустриалдык зоналар уюмдарын изилдеп, өлкөнүн продукцияларын иштеп чыгарган ири фабрика жана заводдор менен иштешкенбиз. Мында да булардын иш системасын изилдеп, өлкөнүн экспорт саясатына жараша стратегиялык планын түзүү боюнча семинарларды өткөргөнбүз. Бул жумушта иштегеним менин Түркияга келгенимдин эң чоң ийгилигим жана мен үчүн болгон эң пайдалуу тажрыйбалардын бири болду.

- Окууну аяктагандан кийинки пландарыңыз менен дагы бөлүшө кетсеңиз?

- Бул жактагы магистратураны аяктаган соң Европа өлкөсүндө докторантурамды да жактаган соң Кыргыз өлкөсүндө социологиялык стратегиялык илимий изилдөө борборун негиздөө пландарын түзүүдөмүн. Мен үйрөнгөн жана көргөн нерселеримди Кудай буюрса Кыргыз мамлекетинде да колдонууну максаттап жатам.

Негизи чет өлкөгө Кыргыз мамлекетине кайра келип, алган билимимди өлкөмдүн жыргалчылыгы үчүн колдонуу үчүн кеткемин. Анткени азыр көбүнөн же өзүмдүн эле жанымда чет өлкөдө окуган тааныш досторумдан “Азыр Кыргыз өлкөсүндө эч нерсе кыла албай калдык, өлкөнүн келечеги жок” деп түз айтпаса дагы, кыйыр түрүндө айтканын угуп калам. Бирок мен бул ойго башынан эле кошулбайм. Анткени колубуздан келбейт деген нерселерди ынтымак менен жасаса болот. Кээде бирдей ойдо болгон кишилер, максатка жетүүгө бирге киришсе, ал нерсени кыла алат.

Ошондуктан биз баарыбыз биргеликте өлкөбүздү өнүктүрө алабыз. Бул нерсеге күчүбүз жетет. Кыргыз өлкөсүнүн элдери, жаштары билим алууда жөндөмдүү болушат. Аны мен бул жакта чынында байкап жүрөм. Мисалы, бул жакта ар кандай өлкөдөн келген тайпалаштарымдын арасында кыргыз студенттери чынында акылдуу жана жөндөмдүү экени байкалат. Бирок өзүмчүлдүк, бирөөнү ойлобогон сапаттарыбыз бар.

Албетте өзүбүздү ойлошубуз керек, бирок коомдук жашоо андан бийик болгону жакшы деп эсептейм. Ким билет өмүр кыска, Кудай сактасын бирок көзүм өтүп кеткен болсо, билген нерселерим өзүм менен кетип калышы мүмкүн. Мен аны каалабайм, билгендеримди бирөөлөр менен бөлүшкүм келет. Ошондуктан мугалим болуп алган билимимди өзүмдөн кийинкилерге үйрөтүүнү каалайм. Эң негизгиси кандай тармак болбосун коомго пайдалуу болгум келет.

- Жаштар чет өлкөгө окууга тапшыруу үчүн эмне кылуусу керек?

- Негизи ар бир киши эмне кылбасын ар бир кыймыл аракетинин алдында белгилүү бир максаты жана анын кадамдары кандай болот, алардын барын эске алуусу керек. Мисалы, чет өлкөгө чыгуунун өзү чоң жоопкерчилик. Анткени ал нерсе ошол адамдын жашоосунун нугун жакшы жакка өзгөртүүгө себепчи боло алат. Чет өлкөнүн кайсы жерине барат, эмнеге барат, кандайча барат жана ал жактан эмне алат ушулардын барын аныктап алуу маанилүү.

Албетте ар бир адамдын максаты болот, бирок ошол максат туура коюлушу шарт. Эгер ошол адам бара турган өлкөсүнүн тилин, дилин жана динин билген күндө деле ал жаранды ал өлкөнүн элдери өзүнүкү катары кабыл албайт, эч качан. Ал жаран чет өлкөлүк болуп эсептелинет. Ошондуктан "өзгө элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол" деген сөз бекер айтылбаган чыгаар. Мындан улам башка өлкө баары бир өз өлкөңө, мекениңе жетпейт. Бирок муну менен мен сыртка чыгып окубагыла деп айтуудан алысмын. Болгону ал жакка кетип жатып аны дагы эске алуу керек дегенди айткым келип жатат. Үмүтсүз болбош керек, чет өлкөгө чыгып окууга аракет кылуу зарыл. Бирок андан алган билимди өлкөбүздүн жыргалчылыгына пайдаланып, жумшообуз шарт.

- Окуган китептериңиз тууралуу билгим келип турат, кандай китептерди окуйсуз? Кайсы тилде окуйсуз жана канча тил билесиз?

- Чынында колума тийген китептерди эле ача калып окуй берем дебейм. Китепти тандап, маани маңызын билип анан гана окууга киришем. Анткени өзгөчө азыркы заманда ар бир киши эле китеп жазып калды. Мындан улам мен кээ бир авторлор каалаганын жаза берет деп түшүнөм. Мисалы, шыктандыруучу китептер, калп илимдин тили менен жазылган китептердин саны укмуш көбөйдү.

Мындан улам мен андай жалган убадаларга таянган китептерди окубай, болушунча качам. Китеп окууда менин биринчи сунушум классикалык китептерди окуш керек. Эрнест Хемингуэй, Фёдор Достоевский, Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуу зарыл. Себеби андан биз жакшы таасир, тарбия ала алабыз. Классиктердин чыгармалары эч эскирбей, жашоонун кайсы доору болбосун актуалдуулугун жоготпойт. Мен өзүм дагы ал китептерди барактап, көз жүгүртүп турам. Азыркы учурда китептерди англис тилинде окууга басым жасап жатам. Анткени мен орусча, кыргызча жана түркчө эркин сүйлөйм.

- Жаштарга кандай кеп-кеңештерди айтат элеңиз?

- Менин жаштарга жана деги эле жалпы коомубузга айта турчу нерсе мындай: ар бир адам өзгөчө жана ар бир адам сыйга татыктуу. Биринчиден, өзүбүз бактылуу болушубуз шарт. Ал үчүн ден соолугубузду жакшы карап, физиологиялык жана психологиялык жактан өзүбүздү жакшы карашыбыз керек. Муну кылыш үчүн ар бир кадамыбыз таза, адеп-ахлакка туура келген жана башка адамдардын, жаныбарлардын жана табияттын көңүлүн оорутпагандай болуусу абзел.

Ошондо өзүбүздү бардык жактан туура алып жүрүү менен коомдук системди да оңойбуз. Анткени ал систем сенден, менден, бизден түзүлгөн. Анан дагы бактылуу болуш үчүн билимдүү болуу зарыл. Билим – бул жөн гана маалыматка ээ болуу эмес. Билим – бул маалыматты туура анализдеп, андан жыйынтык чыгарып жана ал жыйынтыкты практикада майнаптуу колдонуу.

Билимдүү болуу – башка адамдарды түшүнө билүү жана жалпы коомдуук жашоого ылайык жүрүм-турумдарды жасоо. Анан дагы өлкөбүз жаман деп ар тарапка тарап кеткен болбойт. Албетте, туура эмес башкарылган мамлекеттен эң мыктылары кетип калат. Анткени алтынга алтындай, жезге жездей төлөш керек.

Билимдүү жана жөндөмдүү адамдар өзүн сыйлагандыгы үчүн, мамлекет сыйлабаган жерден башка, сыйлаган жерге кетет. Бирок кандай болсо да, бөтөн эл, бөтөн жер эч качан өзүңдүкүндөй болбойт. Ошондуктан чет өлкөлөргө барып, билим, тажрыйба топтоп келип, коомубуздун системин жакшы нукка өзгөртүүгө ар бирибиз бирге, бир убакта ынтымактуу түрдө башташыбыз шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Perfekt
2019-12-29 18:36:00
Albette bilim kerek, birok jeke jashoodo da baktyluu bolush kerek
+1
mamalawka
2019-12-29 18:46:55
4 бир тууганмын деп, кайра уч бир тууганбыз дегени эмнеси??
0
Paol
2019-12-29 19:03:43
Албетте билимдүү болгон жакшы,бирок билимин ашып турганы мн ден соолугун үй бүлөөн болбосо билимин бир тыйын
+9
bond02
2019-12-29 19:40:55
Турктор туртподу бекен деги бул кызды.
-8
orun
2019-12-29 20:36:55
bond02,түртсө түртүп жүргөндүр. Түрктөр жөн коёт дейсиңби. Анысын интервюда айтпайт да, баланча түктүү түрк мени түрттү деп)))
-8
Tolik777
2020-01-06 15:03:55
orun,бул жерин даана жанылмач болуптур. Туптукту туктуу турк туртту
-1
eljana
2019-12-30 13:52:12
bond02,озу жамандын,ою жаман
+1
-adam
2019-12-29 23:58:47
Ийгилик молодец
Бул билимди да онойчулук мн албады!
Колунардан келсе бакыт тилеп эле койгула!
Создорунон билимдуу экени билинип турат кээ бир белгилуу эле адамдарыбыздай тоо дон бээден суйлобой.так эрежелер мн жеткизиптир.
+12
Sezimim...
2019-12-30 00:05:20
Бойроктон шыйрак чыгарып, тоо десе бээ деп комментарий жазыпсынар го.Билимдуу болгондун эмнеси жаман же бул кыз билим биринчи орунда , ыйман экинчи орунда деп айтыппы?Кээ бироолордун " денгээлине"туура келбеген маек экен,анча мынча туркойлор комментарий жазбай коюшса да болмок.
+9
Aimani
2019-12-30 00:34:39
Жогорудагы комментарий жазгандар аман эле болгула. Өзүңөрдүн денгээлинерге жараша ой жүгүртөт экенсиңер. Ушу кызга окшогон билимдүү жаштар кобойсо экен. Балким мамлекетибиз онолуп кетээр. Келе жаткан шайлоодо жалан жаштардан (билимдүү, тажрыйбалуу) партия түзүп катышса кош колдоп добуш берүүгө даяр элем. Албетте арасына карт бөрүлорду кошпосо.
+7
Alia82
2019-12-30 02:10:55
Молодец! Ийгилик сага! Кана эми Кыргызстаныбыз онугуп соонун болуп озгоруп кетсе, Кудай деп барып жыргап оз мекенибизде жашамакпыз да
+5
bema_bema
2019-12-30 08:09:14
Менин кызым дагы сага окшош акылдуу, билимдуу болсун. Алыста журсо дагы кыргыз деп соккон журогунон сенин алтыным, аябай акылдуу, билимдуу кыз экенсин.
Ойлогон ойлорун, тилеген тилектерин кабыл болуп кыргызстан онолуп кетсин,балдарыбыз жакшы жашоодо тынчылык заманда жашашсын. Ойдодо тантып,буттан тартып коментарий жазгандар бар эле болгула, ыйман берсин силерге.
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-30 09:57:48
Азамат! Дегенден башка сөз айта албайм.Билим алуу ийне менен кудук казгандай.
+6
izdeim_seni
2019-12-30 12:34:38
Рахмат, Супер-Инфо жана super.kg жамааты!
+3
aiba.8327
2019-12-30 14:30:08
Мына Туктор озубуздун озубузго тукуруп жатат бул болгону башталышы биздин олкодо патриотизм деген жок болуп баратат окунуштуу....
-2
Jelezo
2019-12-30 16:00:35
Билим алып элге кызмат кылып берейин десе да көрө албайсыңар,кыргыздар ичи таар билимдүү жакшы балдар кыздарыбызга жакшы сөз айта албайбыз ушактап жамандатып эле койсо укмушбуз.
0
ainura220888
2019-12-30 17:14:33
Мен мен мен мен эле дей бериптир.
0
Mister-X
2019-12-31 03:26:06
Азамат кыз экенсин!Динибизди,тилибизди сактап,билиминди жогорулатып жатканын жакшы нерсе.Жогоруда динди жамандагандарга,озунду жамандагандарга конул бурба.Баарын бирге ала жур.Бир гана нерсе, сендей ыймандуу, билимдуу кыздар башка улутка кетпесе экен.Кыргыздын азамат жигитине эле турмушка чыкчы.Туркияга барган кыздар ошол жакта калып кетчу эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан