Дүйнөлүк күрөш уюму "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Айсулуу Тыныбекованы тарыхтын жаратуучусу деп атады. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Айсулуу Тыныбекова тарых жаратуучу. Ал Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы ирет Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан кыз болду", - деп жазылды уюмдун баракчасында.
Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" Олимпиадасынын финалында япониялык Юкако Каваи менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Муну менен ал Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болду.
Айсулуу Тыныбековага чейин 2008-жылы Пекин шаарында болгон Олимпиада оюндарында Канатбек Бегалиев жана азыркы болуп жаткан "Токио-2020" Олимпиадасында Акжол Махмудов Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиадалык күмүш медалдарын жеңип алышкан.