Кирүү
Сыр сөзүм кандай эле?
Каттоо
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ
СЕРИАЛДАР
КОНЦЕРТТЕР
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Шоу дүйнө
«СУПЕРДИН СУЛУУСУ» СЫНАГЫ КАЙРАДАН СТАРТТА!
0
5021
“Супер-Инфо” окурмандарын ар түрдүү тамашалары, оюн, сынактары менен кубандырып келет. Алардын айрымдары жакшы салтка да айланган. Алсак, “Супердин сулуусу” сынагы. Табият ченебей берген сулуулугуна, келбетине, жылдыздуулугуна ишенген сулуулар бул сынакка катышып, жеңүүчү табияты кооз өлкөлөргө барып, эс алып келүүдө.
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
КҮЛКҮДЕСТЕ
0
8596
Жашоодо адамдарды көптөгөн күлкүлүү окуялар коштойт эмеспи. Элге белгилүү инсандарыбыз да мындай окуялардан куру эмес.
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
«АКЧАМ КАЛБАЙ КАЛГАНДА...»
0
4040
«Капчыгым бош акчам жок, Кандай айла кыламын? Кайран курсак курулдап,Карыздап акча таппадым»,- деп кайсы бир студент партанын үстүнө чиймелеп кеткени бекер болбосо керек. Турмушта мындай абалга бардыгы эле кабылган десек жаңылышпайбыз. Бул өңдүү кыйынчылыкты учурда бардар деп эсептелинген белгилүү инсандарыбыз да баштан кечиришиптир.
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
Кайрат: “КАЙНЕНЕМДИН КОЛУН КАРМАП, ЖАЛДЫРАП ЖИБЕРГЕМ”
0
16773
Эгиз козудай ээрчишип, бири-биринин колдорун бекем кыса кармашкан жаш жубайлар жаркырап эле редакциябызга кирип келишти. Экөөнүн тең жүздөрүндө кубанычтын белгиси турат. Бакытка балкып турган бул эки жаш ырчы Кайрат Примбердиев менен жубайы Айзада.
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
“СТАР ДЭНС” бий тобу: «БИЗДИН «ФИРМЕННЫЙ» ТАМАГЫБЫЗ – ШОКОЛАД»
0
5361
Жан дүйнөгө жагымдуу маанай тартуулаган бир нече бий топтору бар. Бул жаатында өзгөчө бийлери менен күйөрмандарды тамшандырып, ырчылардын ырларын коштоп турган бий тобу – “Стар Дэнс”. Эмесе, алардын негизги курамы бизде конокто...
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
САХНА ДЕП ЖҮРҮП СҮЙГӨН ДА, КҮЙГӨН ДА БАР
0
11421
Алоолонгон сезимдердин ээси бул – жүрөк толо сүйүүсү бар адам. Сүйүү адатта адамдын улуу же кичүү экенине, улутуна да карабайт эмеспи. Ошондой эле сүйүү сахналаштарды да табыштырып, ал гана эмес, айрымдарын жан чыдагыс азапка салып ажыраштырып да койгон. Ким менен кимдин ортосунда сүйүү тутанган, а кимде кайра өчкөн, анда кулак салыңыз...
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
Тамашоу эскертет: ЖАЙКЫ ФЕСТИВАЛЬ – ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ
0
5570
3-6-июнь күндөрү Ысык-Көлдү өзгөчө күлкү бороону каптады. Анткени бул күндөрү «Тамашоунун» красавчиктери Чолпон-Атада, көл жээгинде жайкы фестивалды өткөрүштү.
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
Назгүл Жетигенова: «АЛИНА ЖОЛУГУШУУГА ТЕРЕЗЕДЕН КАЧЫП ЧЫКЧУ»
0
4230
“Ачылбаган сандыкта бычыла элек кундуз бар” дегендей, элдин назарында жүргөн популярдуу адамдарыбыз тууралуу канчалаган маалыматтар жазылса да, баары бир көпчүлүккө айтылбаган сапаттары, кылык-жоруктары болот. Муну бала чагынан бери жанында жүргөн биртууганы гана ачып бере алат. Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Алина Жетигенованын сиңдиси Назгүл Жетигенованы конокко чакырдык.
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
ШААРГА ЖАҢЫ КЕЛГЕНДЕ...
0
1006
Айыл менен шаардын айырмасы бир топ эле. Андыктан элеттен шаарга жаңы келген ар бир адам кызыктуу окуяга туш келери чын. Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү белгилүү адамдар шаарга жаңы келгенде башынан өткөргөн кызыктуу окуяларын айтып беришмекчи.
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
ДЕНЕДЕ БАР ТЫРЫКТАР, АР БИРИНИН СЫРЫ БАР
0
11813
Ар бир нерсенин тарыхы бар. Керек болсо чекебиздеги кичинекей так да өзүнө кызыктуу окуяны камтыйт. Анда “сахна адамдарынын айрымдарынын дене-мүчөсүндө так же тырыктары эмнеден улам пайда болгон?” деген суроонун жообун бирге окуйлу.
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОРГО ЫКЧАМ ЖООП
1
4619
Бакай бабаны кыргыз эли караңгыдан көз тапкан, капилеттен сөз тапкан даанышман катары баалап келген. Бабабыздын ушул сапаты урпактарына да өттү бекен? Эгер күтүлбөгөн учурда сизге бирөө ыңгайсыз суроо узатып калса, татыктуу жооп берип, абалдан чыгып кете аласызбы? Дал ушул өңүттө биз айрым белгилүүлөргө капилет суроо узаттык. Кандай жооп беришти, байкап көрүңүз.
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
ЫРЫН ЫРДАЙТ «КЕКИЛИК», «КЕКИЛИКТЕР» КОЙСУН МЕНИ КЕЧИРИП!
0
8259
Эсиңизде болсо, өткөн сандарыбыздын биринде “Кыйраган саптар, кайран ырлар”деген аталыштагы макала чыккан эле. Анда ырчылардын ырларындагы ыксыз маанилер, туура эмес ырдалган ырлар жөнүндө кеп козгогонбуз. Чычалаган ырчылардын айрымдары түз эле редакцияга демитип келсе, кетирген каталыктарын туура кабыл алышкандар да болгон. Бүгүн айрым ырчыларды “кекилик” деп туруп, ырларын бир аз чымчыгансыдым, бирок көгөртө эмес.
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
ЧЫҢГЫЗ СҮЙҮҮСҮН ИЗДЕСЕ, ГҮЛАНДА УНЧУКПАЙТ
0
7568
Ишенсек да, ишенбесек да жылдыз төлгөдө айтылган көп нерселер күндөлүк турмушубузга дал келип калат. Ырчыларыбызга да жылдыз төлгө дал келеби?
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
Анжелика – ЦИРК ХАНЫШАСЫ
1
12253
Борбордук цирктин жетекчилиги менен Улуттук биринчи канал биргеликте уюштурушкан “Жылдыздар манежде” шоу долбоорун баарыбыз эле теледен көрүп келгенбиз. Белгилүү инсандарды чогулткан бул долбоорго башында 50дөн ашуун адам катышып, мыктылардын мыктысы деп тогузу тандалган. Долбоор 3 тур да өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
КИРЕШЕ САНДЫГЫН АЧКАНДА...
0
3892
Баарыбыз эле айлык акыдан сырткары кошумча акча табууну каалайбыз. Ырчылар ырдагандан сырткары кантип, каяктан киреше алары бардык күйөрмандарга кызык. Ошондуктан биз бүгүн айрым жылдыздарыбыздын каражат казынасына саякатка чыгып, киреше кайдан келерин иликтеп билдик.
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
АЛИШЕР ТООТАЕВ
0
15820
“Жашоо, турмуш өзгөрүлөт турбайбы, жаштыгымда ойлобопмун мындайды...” деген ырды уксаңыз керек. Бул ыр таланттуу жигит Алишер Тоотаевге таандык. “Бишкекке көп келбегендиктен, сиздер менен байланыша албай жүрчү элем. Эми биротоло көчүп келдим”, - дейт Алишер биз менен болгон маекте.
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАКЫЛДАГАН ТЕКЕНИ СУУ КЕЧКЕНДЕ КӨРӨБҮЗ, ЭРДЕМСИНГЕН ЖИГИТТИ СӨЗ ЧЕЧКЕНДЕ КӨРӨБҮЗ!
0
10661
Эне тилибиз, байыртадан сактап келе жаткан каада-салтыбыз биздин мурасыбыз эмеспи. Кыргыздын айрым нукура сөздөрү акыркы убакта унутта калып баратат. Ошондон улам бул жолу кезекти элге төбөсү көрүнүп калган мырзаларга берип, алардан кээ бир сөздөрдүн чечмеленишин, маанисин сурап, сөз байлыгын текшерип көрдүк.
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ДАЯРДЫГЫҢЫЗ КАНДАЙ?
0
7863
“Кош эмесе, мектебим, кайра келер бекенмин...” демекчи, 10 жыл бирге окуган классташтар мамлекеттик сынактарды тапшырып бүтүп, бүтүрүү кечесине даярданып жаткан кези. Кеченин ханышасы болууну бардык эле кыздар каалашат. Бул салтанатта “кантип боёнуп, чачымды кандай жасасам, эмне көйнөк кийсем?” деп, албетте, жигиттерге караганда бийкечтер көбүрөөк баш катырышат. Ошондуктан мындай кечеге барышпаса да үч ырчы кызыбызды жана ырчы жигитибизди стилист Замира Молдошева боёнуу, чач жасалгалоо, кийинүү жагынан бүтүрүү кечесине даярдады.
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
КӨРҮНҮП КОЙЧУ БИР ЖОЛУ, БУЛУТТАН ЧЫККАН АЙГА ОКШОП...
0
10971
Көңүл чөгүп же кубанып турганда керемет музыканы самап, дароо радио менен жолдош болушуңуз мүмкүн. Анан эле ди-джейлер сүйлөп киришет. Алардын өңүн көрбөгөнүңүз менен үнүн угасыз. Ушундан улам сизге «булар кандай адам болду экен?» деген ой келсе керек, ээ? Биз ошол «булбулдар» менен сырдашып отуруп, алардын жан дүйнөсү таза, шайыр мүнөз экендиктерин байкадык.
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
АЛ ЖАККА БАСПА, БУЛ ЖАКА БАС! ЖЕ ЭМНЕГЕ ТЫЮУ САЛАСЫЗ?
0
7116
Үйбүлөнү «кичинекей мамлекет» деп коюшат эмеспи. Ошол мамлекет өзүнүн ички мыйзамдарысыз өкүм сүрбөйт. Жубайлардын бири-бирине тыюу салуулары да негизги мыйзамдардан экени талашсыз. Бул жолу «бири-бириңерге кандай тыюу саласыңар?» деген сурообузду куржунга салып алып, айрым үйбүлөлүү жылдыздарга конокко бардык.
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАЛДАРЫН ЖАЛГЫЗ ТАРБИЯЛАГАН ЖЫЛДЫЗДАР
0
5813
“Ата – аска тоо, эне – булак, бала экөөнө тең шам чырак” деген макал бар кыргыз элинде. Көрдүңүзбү, кандай гана салыштыруу. Бирок тоо, булак, чырактын баары эле дайыма чогуу боло бербейт тура. Ошонун сыңары төмөндөгү биздин жылдыздар да үйбүлө оту күйүшпөй, балдарын жалгыз тарбиялап калгандар.
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
Мирбек Атабеков: «АТАМ МЕН 99га ЧЫККАНДА КЕЛЕТ ДЕЧҮМҮН»
1
3993
Балалыктын айылына кимдин гана бир кайрылып баргысы келбесин. Чыбыкты ат кылып минип, чүкө атып кеч киргизген күндөр ай... Бүгүн Мирбек Атабеков балалыгына кайрылмакчы.
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
ЖАНЕТАГА күзгү, МИРБЕККЕ сүлгү...
0
4089
Атактуу ырчы Бритни Спирс кай жакка концерт коюп барбасын, күч-кубаттуу жансакчылар менен 7 гримдөөчү бөлмө талап кылат экен. Ал эми дүйнөгө таанымал “Backstreet Boys” тобунун жигиттери ачка болбошу үчүн жер жаңгак майы кошулган 24 даана сэндвич талап кылышат.
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
Элиза Усенова: “УРМАТ ӨЛГӨН ЧЫМЧЫКТАРДЫ ТАШЫЧУ”
0
4010
Биртуугандар жөнүндө кандай гана ысык сөздөр айтылбайт. Биртууганың – сырдашың, курбуң, таянар тооң, чаңкаганда суусунуңду кандырчу мөл булагың... Ушундай жылуу сөздөрдү өзүнүн биртууганы ырчы Урмат Усеновго эжеси Элиза Усенова арнап өттү. Ал Урматтын кичинесинен берки кылык-жоругун, эл билбеген жактарын айтып берди.
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАСКАНЫ СОНУН МАРАЛДАЙ...
1
11350
Адамдын дене мүчөсүнө кайрылсак, төгөрөгү төп келген эч кынтыгы жок адамды, чынында, табыш кыйын. Таптакыр эле андай адам жок дештен да, албетте, алыспыз. Ошентсе да бүгүнкү саныбызда жылдыз жигиттердин жардамы менен жылдыз кыздардан идеалдуу мүчөлөрдү издедик.
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
ЖОЛУГУШУУГА БАРГАНДАР ЖАНА БАРБАЙ АРМАНДА КАЛГАНДАР
0
4906
“Акты жылдар, өттү баштан далайлар,Кайдасыңар, бизди окуткан эже-агай?Кайдасыңар, бирге отурган курбулар?...
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
«Агама» бий тобу: «БАЛЕТТЕН БАШКАСЫНЫН БААРЫН БИЙЛЕЙБИЗ»
0
5696
Көз жоосун ала чимириле бийлеген “Агама” бий тобун кимдер билбейт. Ал эле эмес, топтун татынакай кыздарына ашык болгон жигиттер да көп.“Агама” бий тобу «Супер-Инфо» уюштурган мыктылардын тандоосунда эки жыл катарынан “Жылдын супер бий тобу” деген наамга арзыган. Күйөрмандарынан татыктуу баасын алган бийчи кыздардын жашоо образына кызыксаңыздар, анда бул макала сиздер үчүн...
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАЛАМ - БАКТЫМ, БАЛАМ - БАЗАРЫМ!
1
12620
Бүгүнкү балтыр бешик балапандар эртеңки эл келечеги эмеспи. Бизди ырга бөлөгөн ырчыларыбыздын мойтоңдоп үйүнөн тосчу балакайлары бал тили менен, мүмкүн, сизди да эргитер.
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
ҮРКӨР - ҮРКӨР ТОП ЖЫЛДЫЗ
0
6620
Кыргыз шоу-бизнес дүйнөсүнө саресеп салсак акыркы мезгилде топ-топ болуп чогуу ырдагандар көбөйүп баратат. Айрыкча шоу-бизнестин суйкайган сулуулары чогулуп ырдоону адат кылып баратышкандай.
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
Айя Садырова: «БАЙЛЫГЫМ - АСЕМ БУЮМДАРЫМ»
0
3739
Ар кандай буюмдарды коллекциялоо көпчүлүгүбүздө кездешкен адаттардын бири. Эсиңиздерде болсо, экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу таш баканын түрүн чогултары жөнүндө жазган элек. «Кыздын көзү кызыл мончокто» дегендей, Айя Садырова болсо жалаң шуру-мончокторду коллециялайт экен.
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
АКБАР СҮЙҮНБАЕВ
0
4009
Ким эле болбосун артка кылчайып, жоруктарын эстеп бир жылмайып алат эмеспи. Бүгүн Акбар Сүйүнбаев балалык күндөрүн, окуучулук жылдарын эске салат.
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
СИЗ ЧАЛГАН АБОНЕНТТИН ТЕЛЕФОНУ...
0
5774
Учурда ар бирибиздин колубузда чөнтөк телефон бар. Көтөргөн телефонуна, анда жаңырган ырларына жараша адамдын стилин, мүнөзүн байкаса болот. Анда биздин жылдыздарыбыз кандай телефон көтөрөт, назар салыңыздар.
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
СУЛУУЛУГУҢУЗДУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?
0
13306
Адамдын ким экенин, анын ички дүйнөсүн, ал гана эмес жашын да көргөзө алган нерсе – адамдын жүзү. Сахнага жаркырап чыгып жаткан ырчылар ошол жүзүнө кантип кам көрүшөт билесизби? Анда өздөрүнөн сурайлы. Алар колдонгон ыкма, балким, сизге да жагып калар.
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
МАХАБАТ АЙДЫҢЫНДА
0
5313
“Махабат сүйүү оту балбылдаган, Ким кызып илебине албырбаган...” деген саптар атактуу инсан Касым Тыныстановдун калемине таандык. Чын эле махабатка кимдер гана мас болбогон. Ырчыларыбыз да махабат майданында, сүйүү деңизинде сүзгөндүр деген ойдо биз да тамаша-чыны аралаш махабат үйүн куруп, кеп кылып койдук. Анда эмесе кеттик.
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
ТАМАША ТОР
3
12174
Май майрамдарынын алдында окурмандарыбызга күлкү тартуулоо максатында “Тамаша тордун” чалмасын белгилүүлөргө ыргыттык. Алгач кикбоксчу Канат Сыдыгалиевге телефон чалган жигитибиз анын чымыр муштумдарына суктанган «голубой» жигитке айланып, айымдардан кем калышпай кылыктана сүйлөп, сүйүүсүн арнай баштады...
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАКТЫБЕК СЪЕЗДБЕКТИ УТУП...
0
3422
Карапайым адамбы же белгилүүбү, ар бирибиздин баалаган инсандарыбыз бар. Белгилүү алпаруучу Бактыбек Мамытов жаш ырчылар арасында Съездбектин талантына баа берип сыйласа, Съездбек да кичинесинен эле Бактыбек аганы кумир тутуп келет экен. Бул тележылдыз менен сахна жылдызы бири-бири менен баш ийкешип учурашкандары гана болбосо жакындан тааныш эмес. “Кумирдин кумири” рубрикабыздын тушоосу аты аталган жылдыздарды жакындан тааныштырып ал гана эмес, сырдаштыруу менен кесилди.
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...
0
7286
Жылуу төшөктө апасынын кучагындагы наристе... Апанын кудуреттүү кучагына эмне тең келет? Баланын биринчи көзүн ачканда көргөн адамы да, тили чыкканда айткан сөзү да «апа» эмеспи. Анда апалар жөнүндө баллада назарыңыздарда.
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
МЕРГЕН САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО
0
5193
Узун чачы менен сахнада ары секирип, бери секирип “Ак бантикти” ырдаган жигиттин Мерген Турган деген ысымы кыргызымдын кыйласына тааныш. Ошентсе да көпчүлүк анын сахнадан сырткары кандай адам экенин биле бербейт. Аны жакындан тааныган сахналаштары ырчы жөнүндө кандай ойдо? Мындан сиз дагы кабардар болуңуз, окурман.
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
"МУЗ ДООРУ" БИШКЕКТЕ!
0
5275
Бах чиркин, муз үстүндө чимириле бийлеген адамдарды карап отуруу кандай сонун! Мурун сыналгыдан көрүп суктансак, эми 10-майда “живой” көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Шаарыбызга «Муз доорунун» катышуучулары өз өнөрлөрүн көргөзүүгө келишет. Ал эми бүгүнкү саныбызда Бишкекке келе турган жылдыздар Роман Костомаров, Татьяна Навка тууралуу кыскача маалымат. Ал эми жылдыздар өлкөбүзгө келген соң биздин гезиттен алардын эксклюзивдүү интервьюсун окуй аласыздар.
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
«ЭРКЕЛЕШҮҮГӨ УБАКТЫБЫЗ ДЕЛЕ ЖОК»
0
4715
Көлдө жалгыз сүзгөн ак куу көзгө кандай өөн учурайт. Анын сыңары бул жашоодо ар бир адам түгөйүн табууга умтулат. Бул саам “Жан шерик” рубрикасынын коногу – ырчы Кубаныч Сатаевдин жубайы Кундуз Авашова болду. Ал жан шериги Кубаныч экөөнүн таанышкан күнүнөн тарта үйдөгү кылык-жоруктарын, ашканага кандай мамиле жасарынан кеп салып бермекчи.
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
Гүлнурдун иниси Кайыпберди Сатылганов: «ГҮЛНУР КӨЧӨБҮЗДҮН АТАМАНЫ БОЛЧУ»
0
6152
Эл оозуна алынып жүргөн адамдардын жеке жашоосу тууралуу канча жазбайлы кээ бир нерселери жашыруун сандыкта кала берет. Ал сандыкты ачуу биртуугандардын колунан келери бышык. Гүлнур Сатылганова тууралуу сыр сандыкты бизге Кайыпберди аттуу иниси ачып бермекчи.
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
ЭҢ СЕКСУАЛДУУ АЙЫМ
2
21599
– Анжелика, «Супердин» сайтындагы тандоодо сени “кыргыздын эң сексуалдуу айымы” деп табышты. Мындай жыйынтык болорун күттүң беле?
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
ЖЫЛДЫЗДАР САХНАГА ЧЕЙИН...
0
4320
Жылдызы жанган сахна ырчылары бир күндө эле ушундай деңгээлге жеткен эмес. Жеке турмушу кызыгуу туудуруп, көптөгөн күйөрмандарды артынан чуркаткан жылдыздар деле учурунда башка кесипти аркалап, айрымдары кара жумушта иштешкен.
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
АПТАНЫН АЙЫМЫ АЙЯ САДЫРОВА
0
5126
Сүйүү жөнүндө... – Сүйүүнү мен назик гүл катары элестетем. Анткени гүл сыяктуу ооруйт, мамилеге суусайт, өзүнө көңүл бурулушун каалайт. Эгерде багуусу келишпесе, соолуп калышы мүмкүн. Мен сүйүүгө туруктуумун. “Бүгүн бул, эртең башка” деп кете бере турган адамдардан эмесмин.
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
«СУПЕР-ИНФОНУН» ТРИУМФУ
0
5411
30-мартта Бишкекте ич ара “Гезиттик Оскар” аталган «Улуттук гезит» сыйлыгынын лауреаттарына салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Аталган салтанат “Супер-Инфонун” триумфу менен жыйынтыкталды. Биздин гезит башкы сыйлык аталган абройлуу 6 статуэтканын катарынан экөөнө ээ болду. Эсиңиздерге салып өтсөк, “Супер-Инфо” былтыркы жылы да “Жылдын нускасы” наамына ээ болгон.
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАКТИЯР ТОКТОРОВ: «Жашоомдо ондон ашык сүйүүгө кабылдым»
0
6641
Бактияр Токторовдун күйөрмандарын табуу кыйынга турган жок. Анткени ырчы редакцияга жакын досуна айланган күйөрманы Самудин байкени ээрчитип келди. Биз болсок Бактияр Токторовдун 27 жаштагы күйөрманы Кымбатты чакырып, сүйүктүү ырчысы менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик.
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ
0
1384
Куудулдун жоруктарынан.Жардан секиртебиз деп атты өлтүрүп ...Баданын кезүүсү биздин үйгө туш келип, инилерим менен уйларды Бууган-Тал деген жерге жайып бардык. Ал кезде мен 7-класста окучумун. Үчөөбүз тең колхоздун арык атына учкашып жарды бойлоп баратканбыз. Аңгыча эле тамдын бийиктигиндей болгон чуңкур жерге туш келдик. Ошол жерден....
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
«ЕВРОВИДЕНИЕ - 2009» КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛУУ КАНЧА ТУРАТ?
0
3391
“Евровидение-2009” конкурсу тарыхта биринчи жолу Орусияда өткөрүлөт. Орусиялыктар бул жылы конкурстун баш белгиси катары өздөрүнүн жомокторундагы бейиш кушун кабыл алышты. Бейиш кушунун белгисинде боло турган бул конкурс үстүбүздөгү жылдын 16-майында жыйынтыкталып, жеңүүчүнүн өлкөсүнө сынактын музыкалык ачкыч тапшырылат. Бул ачкыч кийинки жылы конкурсту ошол өлкө өткөрөт деген белги...
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
АТАКТУУ АЙЫМДАРДЫН ТҮГӨЙЛӨРҮН ТААНЫЙСЫЗБЫ?
3
57873
Аты чыгып эл оозуна алынып калган ар бир эле адамдын күйөрманы көп болору талашсыз. Ошондой атактуулукка жеткен кыздарыбыздын түгөйлөрү кимдер? А балким, жогоруда сөз кылгандай ал кыздардын түгөйлөрү өздөрүнүн эле күйөрмандары болуп жүрбөсүн? Дегеле, ушул сыяктуу ойлор сизге кызыкпы, анда төмөнкү макалага назар таштаңыз.
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
ОБОНЧУ, АТКАРУУЧУ АРЗЫБЕК БЕДИЯРОВ: «Арзыгүлгө арнап китеп да жазгам»
1
8216
Ыр жөн жерден жаралбайт. 4 сап ыр куруу үчүн да акынга бир окуя же бир көрүнүш таасир берери анык. Акын, обончу жана аткаруучу Арзыбек Бедияровдун:“Жыпар жыт каптап,дүйнөнү жибек жел эзген.Жүрөгүм чакмак, жүлүндөн
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
СУПЕР АГЕНТ: КИМ? КАЙДА? КАЧАН?
0
5030
Редакциябызга көптөгөн окурмандардан ар түрдүү ой-пикир билдирген, өздөрү үчүн кызыгуу туудурган каттар келип турат. Ар бир окурмандын суроо-талабын канааттандырууга аракет кылып, биз кат кимге арналса ошол адамдан жооп алдык.
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
ЗИНА ЭМЕС, ЗЫЙНАНЫН ТОРТТОРУ...
0
18360
Майрамдарда дасторкондун көркүн эмне ачат? Албетте, көбүрүп-жабырып атылган шампандар жана шилекейди агызган “Зинанын торттору”. Дал ушул таттууну ойлоп тапкан адам кадимки эле кыргыздын айымы Зыйна экенин билесизби?Көпчүлүктүн жакшылыгына жарап жүргөн кардары көп бул компаниянын башкы директорунун орун басары Үсөн Мырзакулов бизге жолугууга келди. Жөпжөнөкөй бирок пайдалуу бизнес тууралуу идея кимдин оюна келгендиги жана учурда иштери кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө ой бөлүштү.
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
САХНА ДЕП ЖҮРҮП...
0
4013
Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулаган талант ээлеринин ыйык көргөн жайы сахна эмеспи. Алар сахнага чыкканда ак көз, кара көздөр бутунан башына чейин карап, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болору да турган кеп. Мына ошол сахнага чыгып, атак-даңкка жетишүү үчүн алардын айрымдары эмнелерден баш тартканына күбө болуңуздар.
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
СЪЕЗДБЕК САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО...
0
3992
Ар бир адам өзүн билем деп ойлогону менен өзүнүн артыкчылыгын жана кемчилигин жакындары байкагандай байкабасы анык. Ошондуктан биздин жаш ырчы, актёр жигитибиз Съездбек Искеналиевдин кандай жигит экенин жакындан билүү үчүн аны жакшы билгендерге кайрылдык.
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
«CУПЕРДИН СУЛУУСУ МАЛАЙЗИЯДА
0
5861
“Супердин сулуусу-2” сынагынын жеңүүчүсү Малайзияга барып эс алып келери тууралуу окурмандарыбызды кабардар кылганбыз. Мына ошол көптөн күттүргөн күн да келип, жеңүүчү кыз Чинара, режиссёр, продюсер Канат Култаев жана гезиттин кабарчысы, мен Бактыгүл Абдыкадырова 18-февраль күнү таң эрте “Манас” аэропортун көздөй жол алдык.
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...
0
6472
«Бейиш апалардын таманынын алдында” деп Хадисте айтылган экен. Бактылуу балалыктын бир үзүмү көз алдыңызга тартылып, апаңыздын жапкан нанын сиз да сагынсаңыз апалар тууралуу баллада сиздер үчүн...
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ
1
8545
Борончунун жоруктарынанКызыл-ТуугаЫраматылык Манас экөөбүз концерт коюп жүргөнбүз. Күндөрдүн биринде Кызыл-Туу деген айылга концерт коюп жатсак, бир мас киши сахнага чыгып алып Манаска тоскоол боло берди. Манас ага алаксып сатирасынын кайсы жерине келгенин унутуп:
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
АПАЛАР СҮЙЛӨЙТ...
0
5190
Эки бети тултуйган, уурту жарылып шилекейи аккан, борсулдап күлө берген наристени ар бир эле адам моокуму кана жыттап эркелетээри турган иш. Сахна жылдыздарынын ошондой таттуу балалыгы туурасында апалары айтып берет.
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
АТАКТУУЛУК АЛЫП КЕЛГЕН ЫРЛАР
0
12643
“Музыка – жан дүйнөнүн ачкычы” дешет. Күнүмдүк көйгөйдөн кейип турганда жарпты жазар ыр уксаңыз кадимкидей эс ала түшөсүз. Анын сыңарындай жүрөк туйлаткан жакшы ыр калың журттун катмарына сиңип, кары-жашы дебей кулак түрө угат. Жакшы ыр менен кошо аткаруучулар да жарк дей түшүп, эл оозуна алынары турган кеп. Төмөндө атактуулук алып келген айрым ырчылардын ырлары тууралуу кеп козгойбуз…
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
АТАКТУУ АЗАМАТТАРДЫН АЙЫМДАРЫ КИМ?
0
15784
“Аял жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы” деген кептин чындыгынан эч ким күмөн санабасы анык. Бул кепти негиз тутуп, биз эл көзүндө, эл оозунда жүргөн эр-азаматтарыбыздын айымдары тууралуу сүрүштүрүп көрдүк.
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
Бек Борбиевдин карындашы Назира БОРБИЕВА: «БЕК УПЧУНУ 6 ЖАШЫНДА ТАШТАГАН»
0
8434
Турмушта баланын эң жакыны - ата-эне. Ата-энеден кийинки орунда эле биртууган. Бүгүн биз жан дүйнөнү эриткен ырлары, кайталангыс обондору менен карынын да, жаштын да жүрөгүнөн орун алган Бек Борбиев жөнүндө карындашы Назира Борбиева менен баарлаштык. Бек кичинесинде жана азыр...
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
Канат Култаев: «ИШ ҮЧҮН УСТАТЫМДАН ТАЯК ЖЕГЕМ»
0
5694
Көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн бир нече жылдызды тарбиялап чыгарган Канат Култаевдин теле жаатындагы эмгек жолуна быйыл он жыл толду.«Өзүм Дастан технологиялык университетинин телекоммуникация бөлүмүн аяктагам. 2-курста, тактап айтканда, 1998-жылы өзүбүздүн университетибизде кыздардын “Сулуулар сынагын” өткөргөм. Калыстар тобун түзгөн ырчылардын арасында «Улуттук» теле каналда иштеген журналист Мыктыбек Арстанбек да бар эле. Ошондо Мыктыбек байкеге барып, теле каналда иштегим келерин айткам. Ошентип, 1999-жылдын 3-январында Мыктыбек байкенин жардамы менен КТРге жумушка орношком. Мына эми режиссёр болуп эмгектенип келе жатканыма быйыл туура 10 жыл болду»,- дейт Канат.
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
СҮЙҮКТҮҮҢҮЗГӨ СҮЙҮҮҢҮЗДҮ БИЛДИРИҢИЗ
0
10143
«Сүйүү, сен ак башат булактайсың, Сүйүү, сен ак жарык чырактайсың...»демекчи, сүйүү жөнүндө ааламда не бир сонун ырлар, жылуу сөздөр жазылбаган. 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнү. Бул күндө сүйүүсүн билдире албай жүргөндөр сезимдерин ачыкка чыгарып, билдиргендер сүйүктүүсүнө өзгөчө белек берери айтпасак да белгилүү. Ал эми биздин белгилүү жылдыздар “Супер-Инфо” гезити аркылуу сүйгөн адамынын ысымын атабаса да, жакшынакай ыйык сезимин билдирип өтүштү.
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
ЧОҢ САХНАНЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫ
0
10926
“Бешиктен бели чыга элек жатып” чоң сахнаны багындырып жана эл оозунан түшпөгөн кичинекей жылдыздарды көрүп суктанбай койбойсуң. Билинбегени менен шоу-бизнестин да татаал жолдору болот. Жайы-кышы дебей гастролдордо жүргөн кичинекей жылдыздар таттуу балалык доорун көрбөй жаткандай сезилет. Эмнеси болсо да, балакай кезинен популярдуу болуу ар кимдин колунан келе бербеси айкын иш.
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
МЕҢДИ МАМАЗАИРОВА: «Сүйүүмдү жыйырма жылдан кийин билдиргем»
0
8015
Бир жанды экиге бөлүп, аял-эркек атап, аларды өмүр бою издештирип табыштырса, кээсин адаштырып койгон экен Жараткан. Аларды бириктирген улуу касиетти адам баласы “сүйүү” деп атап алыптыр. Ошондой алоолонгон от сезимди жүрөгүнө каткан эки акындын сүйүү баяны кандай болду экен? Анда атактуу Жолон Мамытов менен жубайы Меңди Мамазаированын сүйүү баяны.
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ жана КҮЙӨРМАНДАРЫ
0
7843
Султан кайсы жерде болбосун дайыма кызыктуу окуяларга туш болуп келет. Алардын өзгөчөлөрүн ырчы өзү айтып берди.
№ 327, 6-февраль - 12-февраль, 2009-ж.
МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН КАРЫНДАШЫ ИМАНБЕКОВА АЙГҮЛ: "Мирбекти казан баш дечүмүн"
0
9570
Эгер үйбүлө бир дүпүйгөн бак болсо, анын тамырлары биртуугандар болот эмеспи. Бир уядан талпынып ар тарапка учуп кетсең да, мына ошол тамыр түбөлүккө байлап турат. Эми сөздүн ток этер жерин айта кетсек, канчалаган Мирбектин күйөрмандары анын карындашы Айгүлгө: “Эх, Мирбектин карындашы болгон кандай болду экен? Ал кандай гана бактылуу кыз!” - деп айтышпаса да, ойлонушкан чыгар. Келгиле анда, Мирбектин эрке карындашы Айгүлдүн агасы тууралуу айткандарына көңүл буралы.
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
АЙБЕК КАРЫМОВ: «1-классымда «Манас» эпосун окуп чыккам»
0
4027
Ар бир адамга өз балалыгы унутулгус көз ирмемдер менен эсинде сакталып калат эмеспи. Аны эске салганда баарыбыз эле түйшүгү жок балалыгыбызга кетип калгыбыз келет. Өткөнгө өкүнбөй, бүгүн белгилүү ырчы жана обончу Айбек Карымовдун балалыгына да көз чаптырып көрүңүз, урматтуу окурман…
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
КЕЛБЕТИҢИЗДЕ КЕМЧИЛИК БАРБЫ?
0
8436
Дегеле бул жашоодо өң-келбет жагынан төгөрөгү төп келишкен адам барбы? Ай-чырайлуу деп эсептеген адамдан деле “келбетиңиз өзүңүзгө жагабы?” - деп сурасак, сөзсүз бир жеринен кемчилик таап чыгарына ишенип коюңуз. Бирок өзүн-өзү жактыргандар да четтен чыгарынан шек жок. Эмесе, жылдыздар “келбетимдеги кемчиликтер” деп кайсы жерин эсептешээри төмөнкү материалда.
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
АТАСЫНЫН КЫЗЫ...
0
6200
Жылдыздар балачагында кандай болгонун билгиңиз келеби? Бул суроого биз да кызыгып айрым жылдыздардын аталарына кайрылдык. Алардын ар бири кызынын балачагын эргүү менен эстеп төмөнкүлөрдү айтып беришти...
№ 324, 16-22-январь, 2009-ж.
‹
1
2
...
109
110
111
112
113
114
115
116
117
118
›
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Ысым (логин) же E-mail дарек
Сыр сөз
Кирүү